Жаңы Кыргызстандын жүзү болгон “Ырыс-Ордо”
Кыргызстанда акыркы жылдары бой көтөрүп, элдин көз алдында бүтүп жаткан ири курулуштар өлкөбүздүн өзгөрүп жатканы менен бирге мамлекеттин экономикалык жана уюштуруучулук мүмкүнчүлүгү кеңейип баратканын да көрсөтүп турат. Кечээ гана кыял сыяктуу көрүнгөн айрым ири долбоорлор, бүгүн реалдуу объектилерге айланып, өлкөнүн жаңы жүзүн калыптандырууда. Ошол жаңы Кыргызстандын маанилүү символдорунун бири катары аз күн мурда ачылган “Ырыс-Ордо” мамлекеттик конгресс-борборун айтууга болот. Бул имараттын баасы анын көлөмүндө же архитектуралык кооздугунда эмес. Анын негизги мааниси, Кыргызстан эми эл аралык деңгээлдеги ири саясий, дипломатиялык, маданий жана коомдук иш-чараларды өз жеринде татыктуу өткөрө ала турган шартка ээ болуп жатканында.
Аянты 39 миң чарчы метрден ашкан конгресс-борбор, бир учурда 2 миңден ашык конокту кабыл алууга ылайыкталып, 1238 орундуу “Курултай” залы, миң орундуу банкеттик залы, 235 орундуу пресс-залы, мамлекет башчыларынын жана жогорку деңгээлдеги делегациялардын жолугушууларына ылайыкташкан заманбап залдары бар. Биз үчүн бул учурда өзгөчө маанилүү. Анткени, Кыргызстан бүгүн Борбор Азиядагы саясий процесстерден четте калбай, тескерисинче, эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдуруп жаткан мамлекетке айланып баратат. ШКУ, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана башка ири эл аралык иш-чаралар өлкөбүзгө дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринен меймандарды алып келет. Мындай учурда заманбап инфраструктуранын болушу мамлекеттин аброюна түздөн-түз таасир этет. Эми Кыргызстанда дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринен келген делегацияларды, мамлекет башчыларын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн татыктуу кабыл ала турган, уялбай узун жолдо бастырып, жай алдырып, жай сүйлөшө турган татыктуу заманбап жайыбыз бар. Демек, “Ырыс-Ордо” Кыргызстанга керектүү маалда курулган объект десек жаңылышпайбыз.
Президент Садыр Жапаровдун борбордун ачылышындагы сөзүндө имараттын өзүнөн да чоң маани мамлекеттин биримдиги жана элдин ынтымагы тууралуу айткан ою басымдуулук кылды. Мамлекет башчыбыз эгемендүүлүктүн 35 жылдык басып өткөн жолунда, өлкөдө “мен саясатчымын”, “мен кыйынмын” деген саясатчылардын көп болгонун, бирок ошол мезгилде саясий тирешүүлөр, популизм, бири-бирине жалаа жабуу, түндүк-түштүк болуп бөлүнүү сыяктуу көрүнүштөр мамлекеттин өнүгүшүнө тоскоол болгонун ачык белгиледи. Бул сөздөрдүн өзгөчө мааниси бар. Мамлекет деген бийликтен да, саясаттан да бийик түшүнүк. Бийликтер алмашат, саясатчылар келет-кетет, саясий көз караштар өзгөрөт. Ал эми Кыргызстан деген мамлекетибиз, Ата Мекен бирөө эле. Президенттин “Биз куруп жаткан жаңы Кыргызстан бир адамдыкы же бир бийликтики эмес, ал баарыбыздыкы, жалпы элдики, жамы журттуку” деген сөзүнүн өзөгү да ушунда. Бул бүгүнкү саясий кырдаалга тиешелүү эмес, келечек муунга багытталган сөз. Мына ошону эске алыппы, мамлекет башчыбыз жаштарга өзгөчө кайрылганы да бекеринен болбогондой. Ал кийинки муун, мурунку муундун саясий жаңжалдарынан, бөлүнүүлөрүнөн, куру кыйкырыктарынан сабак алып, тескерисинче, жакшы жактарын өрнөк кылышы керектигин айтты. Башкача айтканда, кийинки Кыргызстан саясат менен гана алектенген эмес, мамлекет кура алган муундун Кыргызстаны болушу керек экенин баса белгиледи.
Саясий бөлүнүүдөн мамлекеттик биримдикке
“Ырыс-Ордонун” ачылыш аземинде дагы бир көңүл бура турган жагдай болду. Бул салтанатка коомдун ар кыл катмарларынын өкүлдөрү кеңири чакырылган экен. Мурда-кийин мамлекеттик кызматта иштеген жетекчилер, саясатчылар, дипломаттар, коомдук ишмерлер, маданият жана искусство өкүлдөрү, илимпоздор, спортчулар, дин өкүлдөрү, журналисттер жана башка ардактуу коноктор бир жерде чогулушту.
Ал жерде кимдир бирөөнү “позиция”, дагы бирөөнү “оппозиция” деп бөлүп отурган көрүнүш болбогондугу. Мунун өзү да маанилүү символ. Анткени, мамлекет үчүн маанилүү учурларда коомдун бардык күчтөрү бир столдун айланасына отуруп, өлкөнүн кызыкчылыгын жеке саясий амбициядан жогору коё билиши керек. Президент өз сөзүндө да дал ушул ойду баса белгиледи. “Кечээ саясий атаандаш болгонубузга же бүгүн кандайдыр бир маселеде пикир келишпестигибизге карабай, мамлекет үчүн маанилүү иштерде бирге тура билишибиз керек”-деди. Бул саясий көз караштан баш тартуу деген сөз эмес. Тескерисинче, көз караштар ар түрдүү боло берсин, бирок Мекен бирөө деген түшүнүк баарынан жогору турушу керек деген сөз.
”Ырыс-Ордо” элдик ордо боло алабы?
Конгресс-борбордун ачылышына катышкан Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев да имараттын масштабдуулугуна жана архитектуралык өзгөчөлүгүнө токтолуп, анын заманбап стиль менен тарыхый мотивдерди айкалыштырып жасалганын белгиледи. Бирок, анын дагы бир пикири өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Анын айтуусунда, “Ырыс-Ордо” жогорку даражалуу коноктор үчүн гана эмес, карапайым эл үчүн да ачык болуп, мамлекеттик иш-чаралардан сырткары маданий, илимий жана коомдук жыйындар өткөрүлүп турса, ал чыныгы элдик үйгө айланат. Чындыгында, бул жакшы тилек. Анткени, мамлекеттик маанидеги чоң имараттын баркы анын сырткы көрүнүшү менен гана өлчөнбөйт. Анын ичинде кандай ойлор айтылып, кандай чечимдер кабыл алынып, коомго кандай кызмат кылары маанилүү. Ошондуктан, “Ырыс-Ордо” мамлекеттик протоколдук иш-чаралардын ордосу болбостон, Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча ар кандай көз караштагы адамдар чогулуп, өлкөнүн келечегин талкуулай турган аянтчага айланса, анын коомдук салмагы мындан да жогору болоорун Президент дагы өз сөзүндө белгилеп өттү.
Кыргызстан өзүнө ишене баштаганын көрсөтүүдө
Президент “Ырыс-Ордо” менен “Бишкек Арена” мамлекеттик каражаттын эсебинен курулганын өзгөчө белгиледи. Бул жерде бир нерсени айырмалап кароо керек. Курулуштун өзүн эле мактоо жетишсиз, ар бир ири долбоордун натыйжалуулугу, сапаты, чыгымы жана коомго берген пайдасы дайыма ачык талкууланып турушу зарыл. Бирок, мамлекеттин өз күчүнө таянып, ири инфраструктуралык объектилерди курууга мүмкүнчүлүгү кеңейип жатканынын өзү көңүл бурууга арзый турган көрүнүш. Себеби, күчтүү мамлекет деген биринчи кезекте өзүнүн керектүү инфраструктурасын түзө алган, дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараларды өткөрө алган жана өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө ишене баштаган мамлекет. Бүгүн Кыргызстанда бүтүп жаткан ири курулуштарды ушул өңүттөн кароо керек деп ойлойм. Эми негизги сыноо анын ичинде өтө турган иштерде. Ал жерде ШКУ сыяктуу ири эл аралык уюмдардын жыйындары, мамлекет башчыларынын жолугушуулары, эл аралык форумдар, маданий жана коомдук иш-чаралар өтүшү күтүлүүдө. Кыргызстан дүйнөнүн көңүл чордонунда турган учурда мындай борбордун болушу өлкөнүн дипломатиялык мүмкүнчүлүгүн дагы кеңейтет. Ал эми алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу масштабдуу иш-чаралар кыргыз элинин меймандостугун, маданиятын жана тарыхын дүйнөгө көрсөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет. Ошол себептен, “Ырыс-Ордонун” дубалдары канчалык кооз болсо, анын ичинде жаралган идеялар, кабыл алынган чечимдер жана өткөрүлгөн иш-чаралар ошончолук маанилүү.
“Ырыс-Ордо” атына заты жарашкан ордо болсун. Ынтымакты бекемдеген, өлкөнүн аброюн көтөргөн, дүйнөдөн келген меймандар кыргыз элинин меймандостугун көргөн, ал эми кыргызстандыктар өз мамлекетинин мүмкүнчүлүгүнө сыймыктанган жайга айлансын.
Күнболот Момоконов