Жапаров, Путин, Эрдоган, Моди бир сахнада: Бишкектеги тарыхый кеч

31-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 166

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, “Бишкек Арена” стадионунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышууда.

Салтанатка Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө жана өнөктөш мамлекеттердин башчылары, ошондой эле БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш катышууда.

Алардын арасында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Россиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Беларусь президенти Александр Лукашенко жана башка жогорку даражалуу коноктор бар.

Президент Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова жогорку даражалуу конокторду тосуп алышты.

Андан соң мамлекет башчыларынын жана расмий коноктордун катышуусунда биргелешип сүрөткө түшүү аземи өттү

31-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 166
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X