Жаш ата-энелер үчүн атайын окуу курстары уюштурулат

12-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 32

Кыргызстанда жаш ата-энелер үчүн окуу программаларын иштеп чыгып, атайын курстарды өткөрүү боюнча жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге Адылбек Касымалиев кол койду.

Маалыматка ылайык, документ Кыргыз Республикасынын «Жаштар жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу максатында даярдалган. Ал үй-бүлө институтун бекемдөөгө, жоопкерчиликтүүлүктү калыптандырууга жана жаш үй-бүлөлөрдүн психологиялык-педагогикалык билимин жогорулатууга багытталган.

Жобого ылайык, никеге туруучу жарандар жана жаш ата-энелер үчүн окуу программаларынын мазмунуна жана курстарды өткөрүү тартибине бирдиктүү талаптар киргизилет.

Бул иштерди ишке ашырууга кеткен чыгымдар мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын бекитилген каражаттарынын алкагында, ошондой эле мыйзамда тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен каржыланат.

Белгилей кетсек, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү тапшырылды.

12-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 32
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X