“Жашыл аалам” фестивалы жыйынтыкталды. Лауреаттар кимдер?

Кечээ, 29-майда, Ош шаарында акын Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына арналган “Жашыл аалам” поэзия фестивалы жыйынтыкталды.

Салтанат Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрында өттү.

Фестивалга Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдүн жаш акындары катышты. Ар бир өлкөдөн лауреаттар жана дипломанттар аныкталып, сыйлыктар ыйгарылды. Анын ичинен кыргызстандык лауреаттар: Нарсулуу Гургубаева, Бердибек Жамгырчиев, Нуриза Өмүрбаева болсо, дипломанттар: Максат Жангазиев, Ибрагим Айип уулу, Айзат Кудайберди кызы, Гүлүмкан Исаева, Садырбек Турдубек уулу болду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X