Жашыл технологиялар — туруктуу туризм конкурсу жыйынтыкталды
Бишкекте журналисттер жана блогерлер арасындагы «Жашыл технологиялар — туруктуу туризм» улуттук конкурсу жыйынтыкталды.
Жаз айларында Кыргызстанда иш алып барган ПЭРЭTO долбоору журналисттер жана блогерлеринин арасында «»Жашыл технологиялар — туруктуу туризм»» улуттук сынагын жарыялаган.
Сынак Европа Биримдигинин SWITCH Asia программасынын каржылык колдоосу астында жүзөгө ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасынын туризм тармагындагы электр кубатын жана ресурстардын натыйжалуулугун илгерилетүү»» (ПЭРЭTO) долбоорунун алкагында уюштурулган. Сынактын максаттары туризмдин айлана-чөйрөгө тийгизген таасиринин, ошондой эле энергетикалык коопсуздуктун кыйынчылыктары жана келечеги, Кыргызстандын туристтик секторундагы ресурстарды үнөмдөө менен чакан жана орто бизнестин туруктуу өсүшүнүн проблемалары жөнүндө коомдук пикир-талашты жандандырууга багытталган болчу.
Конкурстун жүрушундө Кыргызстандагы Европалык Союздун өкулу Анна Солтысик-Павлиц жашыл экономика Европалык Союз учун абдан маанилүү экендигин, андыктан бул долбоор башка өлкөлөрдөн тышкары, Кыргызстанда да ийгиликтүү иштеп жаткандыгын баса белгиледи.
«Тянь-Шань аналитикалык борборунун аткаруучу директору Канат Султаналиев Кыргызстандын экологиясын сактоого жана «жашыл технологияларды» ар бир жаран өзүнүн салымын кошушу керек деп эсептейт.
Конкурстун жыйынтыгы боюнча башкы белектер: iPad Pro 12.9 менен төмөнкү журналисттер жана блогерлер сыйланды:
- «Мыкты макала» — Таалайбек Ороскулов ( Sputnik Кыргызстан агенттиги)
- «Мыкты видеоролик» — Кутманбек Маматазимов («Бешинчи канал» ЖАК)
- «Мыкты фоторепортаж» — Юлия Хижнякова (les.media)
- «Мыкты блог» — Бегимай Аильчинова жана Аида Акималиева ECOOI/ЭКООЙ долбоору) Андан тышкары, калыстар тобу конкурска активдүү катышкан журналисттерге да кызыктыруучу сыйлыктарды тапшырды.