Жаза аткаруу мекемесиндеги өспүрүмдөргө укуктук жана моралдык колдоо көрсөтүлдү
Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн алдында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 14 тарбия мекемесинин тарбиялануучулары үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иш-чарасын өткөрдү.
Иш-чаранын негизги максаты жашы жете электердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, балдардын укуктарын мамлекеттик коргоо механизмдери жана инсандык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берүү, ошондой эле мыйзам менен карама-каршылыктагы балдарга моралдык-психологиялык колдоо көрсөтүү болду.
Өзгөчө билим алуу укугуна, зомбулуктан коргонууга, жардам алуу механизмдерине, ошондой эле укуктук маданиятты жана мыйзамды урматтоо мамилесин калыптандырууга көңүл бурулду.
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева ар бир бала турмуштук жагдайына карабастан коргоого, колдоого, билим алууга жана толук кандуу өнүгүүгө укуктуу экендигин белгиледи.
Мекеменин тарбиялануучуларынын муктаждыктарын эске алуу менен жашы жете электердин билим алуу процессин жана бош убактысын уюштурууга арналган спорт жабдыктары жана окуу куралдары тапшырылды.
Белгилей кетсек, буга чейин БУУнун Балдар укуктары боюнча комитетинин 2025–2028-жылдарга карата жыйынтыктоочу сунуштамаларын аткаруу боюнча иш-чаралар планынын алкагында Катчылык тарабынан Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту менен биргеликте № 14 тарбия колониясында жана Чүй облусундагы тергөө абагында жашы жете электердин кармоо шарттарына мониторинг жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында мамлекеттик органдарга тиешелүү сунуштамалар жолдонгон.