Жазгы-талаа иштеринде көйгөй жаралбасын

4-март, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 68

Жазгы-талаа иштеринде көйгөй жаралбасын. Мындай тапшырманы  суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жыл жыйынтыгы чыгарылган жыйында койду.

Жыйындын жүрүшүндө Төрөбаев министрликтин алдындагы структуралык бөлүмдөргө жазгы-талаа иштери боюнча тиешелүү тапшырмаларды берип, жазгы-талаа иштерине алдын ала кам көрүү керектигин белгиледи.

“Жазгы-талаа иштерине азыртан даярдык көргүлө. Күйүүчү май, үрөн, жер семирткич жетишсиз болбосун. Эгерде кандайдыр бир көйгөй жаралса, алдын ала айткыла. Биз аракет кылып чечип беребиз”,-деди министр.

4-март, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 68
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X