Жеңилдетилген салык режими иштеп жатат. Ага кимдер каттала алат?
Кыргызстанда акыркы жылдары салык тармагы бир топ жаңылыктар менен коштолуп келе жатат. Айрым учурларда салык режимдери өзгөртүлүп, кайра элдин сунуштары эске алынып, орток чечимдер кабыл алынган убакыттар да болду. Аны менен катар мыйзамдар иретке келе баштады. Биз бул сапар сиздерге салык тармагында жаңы пайда болуп, мыйзамдаштырылып, учурда иштеп жаткан жеңилдетилген салык режими тууралуу айтып беребиз.
Жакынкы айларда Кыргызстанда «блогерлер салыктан бошотулду» деген кабар тараган. Бул маалымат коомчулукта ар кандай реакция жаратып, талкууга алынган. Бири алар салыкты көп төлөшү керек эле десе, башкалары «блогерлер салык төлөп жүрдү беле?» деген суроолорун узатышты. Биздин макалабызда дал ушул суроого жооп табылат.
Креативдүү индустриялар паркы деген эмне?
Азыр өлкөдө бизге анчейин тааныш эмес Креативдүү индустриялар паркы (КИП) иштеп жатат. Бул кандай парк? Алгач бул сөздү укканда «Креативдүү индустриялар паркы» атайын имаратпы деген ойго келиши мүмкүн. Бирок бул Кыргызстанда креативдүү индустрия тармагында, башкача айтканда, жаратмандык индустриясында иштеген ишкерлер жана компаниялар үчүн түзүлгөн атайын салыктык-укуктук режим.
Бул паркты түзүүнүн негизги идеясы – кино, дизайн, IT, программалоо, жарнама, архитектура, медиа, музыка, оюн индустриясы жана башка интеллектуалдык продукт жаратуучу бизнести жеңилдетилген шартта иштетүү болгон. Жөнөкөй тил менен айтканда, креативдүү тармакта иштеген бизнести көмүскөдөн чыгарып, мыйзамдуу иштөөгө шарт түзүү жана экономикага реалдуу салым кошууга мүмкүнчүлүк берүү максат кылынган. Мамлекет: «Сенин бизнесиң креативдүү индустрияга кирсе, анда жалпы салык режимине караганда жеңилдетилген шартта иштей аласың» деген механизм түзгөн.
Бул режим качан пайда болгон?
Кыргызстанда креативдүү индустрияларды мамлекеттик деңгээлде өнүктүрүүнүн укуктук негизи 2022-жылы түзүлгөн. Ошол жылы «Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Андан кийин Парктын ишин уюштуруу жана резиденттер үчүн өзгөчө режимди ишке киргизүү боюнча иштер жүрүп, Креативдүү индустриялар паркы 2024-жылы иштей баштаган.
Башкача айтканда, бүгүнкү режим бир күндө пайда болгон жок. 2022-жылы мыйзамдык негиз түзүлдү. Белгилей кетүүчү жагдай Креативдүү индустриялар паркы дүйнөдө биринчи жеңилдетиген салык режими болуп эсептелет. 2024-жылы Парк иштей баштады. 2024–2025-жылдары резиденттердин саны көбөйө баштады. Ал эми 2026-жылы резиденттер үчүн салыктык режим дагы жеңилдетилди.
Бул жерде «резиденттер» деген Креативдүү индустриялар паркынын атайын режиминде иштөөгө катталган ишкерлер жана юридикалык жактар деп түшүнсө болот.
Алгачкы жылдары резиденттер үчүн бирдиктүү салык боюнча жеңилдетилген ставка колдонулган. Ал эми 2026-жылдын 1-августунан тартып КИПтин резиденттери үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 0%га түшүрүлдү.
Бул жерде дагы бир маанилүү тактоо бар. 0% бирдиктүү салык деген бардык салыктар нөл болду дегенди билдирбейт. Резиденттер үчүн башка милдеттүү төлөмдөрдүн өзүнчө тартиби бар. Алар ошол тартип менен салык жана башка төлөмдөрдү төлөп турушат.
Биз башта айтып өткөн «блогерлер салыктан бошотулду» деген суроого жоопту да ушул жерден табууга болот. Блогерлерге өзүнчө «салыксыз» статус берилген эмес. Эгер алардын ишмердиги КИПтин уруксат берилген ишмердиктеринин тизмесине туура келип, резидент болуу үчүн коюлган талаптар аткарылса, алар да ушул режимде иштей алышат. Мындай режим эки тарапка тең ыңгайлуу. Мамлекет алардын кирешесин көлөкөдөн чыгарып, реалдуу өсүш кандай болуп жаткандыгын аныктаса, блогерлер үчүн мамлекеттер мыйзамдуу иш алып барып, ошол эле учурда аз салык төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
КИПтеги салык ставкалары кандай?
КИПтин резиденттери үчүн учурдагы негизги төлөмдөр төмөнкүдөй:
Бирдиктүү салык — 0%.
Киреше салыгы — 5%.
Социалдык фондго төлөм — Бишкек шаарында 5 289 сом.
Аймактарда — орточо айлык эмгек акынын 12%ы.
Мындан тышкары, КИП Дирекциясына 1% төлөм төлөнөт.
Ал эми 2031-жылдын 1-августунан тартып бирдиктүү салыктын ставкасы 1% болот.
Демек, «КИПке киргендер мындан ары эч кандай салык төлөбөйт» деген түшүнүк туура эмес. Жеңилдик негизги салыктардын бири — бирдиктүү салык боюнча берилген. Калган милдеттүү төлөмдөр өзүнчө тартипте сакталат.
Кимдер Креативдүү индустриялар паркына кире алат?
Бул жерде «чыгармачылык менен алектенгендердин баары кире берет» деген түшүнүк туура эмес.
Резидент болуу үчүн ишмердик Креативдүү индустриялар паркында белгиленген ишмердик түрлөрүнүн тизмесине кириши керек. Алардын арасында, мисалы, программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана IT багытындагы айрым кызматтар, кино, видео жана аудиовизуалдык өндүрүш, музыка жана үн өндүрүшү, дизайн, архитектура, жарнама жана чыгармачыл маркетинг, санариптик контент, анимация, оюн индустриясы, басма жана айрым медиа багыттары, мода, кол өнөрчүлүк жана башка креативдүү багыттар бар.
Чыгармачылык менен байланышкан башка интеллектуалдык жана маданий ишмердиктер да каралган. Бирок бул жерде негизги талаптардын бири — кирешенин кеминде 90 пайызы Парк уруксат берген креативдүү ишмердиктен түшүшү керек.
Демек, мисалы, кадимки соода менен алектенген компания «бизде дагы бир дизайнер бар» деп эле КИПтин резиденти боло албайт. Анын негизги экономикалык ишмердиги креативдүү индустрияга тиешелүү болушу зарыл.
Ошондуктан жеңилдетилген салык режиминен пайдаланам деген ишкер биринчи кезекте өзүнүн ишмердиги КИПтин белгиленген тизмесине кирер-кирбесин жана кирешесинин талап кылынган бөлүгү ошол ишмердиктен түшөрүн эске алышы керек.
Катталам дегендер үчүн
Креативдүү индустриялар паркынын резиденти болуу үчүн Кыргыз Республикасынын салык резиденти, юридикалык жак же жеке ишкер болушуңуз шарт.
Ишмердүүлүк түрү КИПте белгиленген ишмердик түрлөрүнүн тизмесине ылайык келиши керек. Кирешенин кеминде 90 пайызы көрсөтүлгөн тизмедеги ишмердиктен алынганы маанилүү.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна салыктар жана төлөмдөр боюнча карыз болбошу керек.
Резидент КИП Дирекциясына кирешенин 1 пайызын чейрек сайын төлөөгө макул болушу зарыл.
Мындан тышкары, КИП резиденти катары каттоодон өткөндөн кийин отчет берүү боюнча талаптар бар.
Эгер акыркы 12 ай ичиндеги кирешенин көлөмү 8 миллион сомдон ашса, резидент өз эсебинен аудит жүргүзүп, жылдык бухгалтердик (финансылык) отчеттуулуктун ишенимдүүлүгү жөнүндө аудитордук корутундуну КИП Дирекциясына берүүгө милдеттүү.
Резидент болууга байланыштуу белгиленген башка талаптар да бар. Ошондуктан КИПке катталууну каалаган ишкерлер үчүн жеңилдетилген салык режими менен катар коюлган талаптарды да алдын ала билүү маанилүү.
КИПте азыр канча резидент бар?
Азыркы эң акыркы маалымат боюнча Креативдүү индустриялар паркында 237 резидент бар. Бул көрсөткүч Парктын расмий реестринде көрсөтүлүп турат.
Алгачкы резиденттер 2024-жылы каттала баштаган. Ошондон бери алардын саны туруктуу өсүп келе жатат. 2026-жылдын январь айынын аягында резиденттердин саны 173 болсо, июль айынын аягында 235ке жеткен. Ал эми акыркы каттоолордон кийин бул көрсөткүч 237ге чыкты.
Демек, 2026-жылдын январь айынан август айына чейин Парктагы резиденттердин саны кыйла өскөн. Маалыматтарга караганда, учурда катталган резиденттердин басымдуу бөлүгү бир нече негизги багытка туура келет. Алардын арасында биринчи орунда IT тармагында иштегендер, андан кийин кино-видео багыты жана жарнама менен байланышкан ишмердиктер турат.
Мындан тышкары, Креативдүү индустриялар паркына музыка, аткаруучулук искусство, дизайн, архитектура, билим берүү, мода жана башка креативдүү багыттарда иштегендер да кошулууда.
Жакында бул паркка ырчылардын жана музыка тармагында иштеген чыгармачыл адамдардын да кошула баштаганы белгилүү болду.
Демек, Креативдүү индустриялар паркы жөн гана «салыкты аз төлөөчү жай» эмес. Бул — Кыргызстанда буга чейин өзүнчө система катары каралбай келген креативдүү тармактагы бизнести мыйзамдуу иштетүүгө, алардын санын көбөйтүүгө жана бул тармактын экономикадагы ордун күчөтүүгө багытталган өзгөчө салыктык-укуктук режим.
Жазгүл Кенжетаева