"Эркин-Тоо"

Жер тилкелерин мыйзамсыз 180 миң сомго чейин саткан айылдык кеңештин депутаттары кармалды — ВИДЕО

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, жер тилкелерин алуу үчүн мурда алынган акча каражаттардын бир бөлүгүн кайтарып берүү учурунда Ноокен айылдык кеңешинин депутаттары Б.Г.А. жана О.Э.К. кармалды. Мындан тышкары, Ноокен айыл өкмөтүнүн имаратынан жер тилкелерди бөлүп берүү боюнча 300дөн ашык жасалма токтомдор табылган.

Кармалган адамдар Ноокен айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, “жайыт” категориясына таандык жер тилкелерин жасалма документтер менен 100 миң сомдон 180 миң сомго чейин сатып жибергени аныкталган.

Ошол эле учурда аталган кылмыштуу топ жер тилкелерин легалдаштыруу жол-жобосун жашыруу үчүн жер амнистиясы каралган 2022-жылдын 17-мартындагы “Жер жана укук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө” КР Мыйзамын колдонууга аракет кылган.

Азыркы учурда тергөө органдары бул коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар бардык адамдарды аныктап, мамлекетке келтирилген зыянды эсептеп жатышат. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!