Жердин температурасы 3 миллион жылдагы рекорддук деңгээлге жогорулады
2020-жылы Жердин температурасы 3 миллион жылдагы рекорддук деңгээлге жогорулады деп билдирди Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш. Айтымында, өткөн жылы көмүр кычкыл газынын концентрациясы жаңы максимумга – индустриалдык мезгилге чейинкиден 148%га жогору көтөрүлдү. Бул кылымдын аягында температура дагы 2,4 градуска жогорулашы күтүлүүдө. “Биз чынында эле жардын кырындабыз”, — деди А.Гутерриш.