«Газпром-балдарга» дене тарбия – ден соолукту чыңдоо комплексинде жиу-житсу боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги өтүүдө.
Чемпионатка жети дубандан келген өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор катышып жатат.
Жеңүүчүлөргө спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Маалымат үчүн: Жиу-житсу спортунда жумшак кыймылдарды колдонуу менен атаандаштын күчүн өзүнө каршы колдонуу маанилүү болуп саналат.