ЖКККББ: Урматтуу ата-энелер, жол эрежелерин сактап, балдарга үлгү болуңуздар!

2021-жылдын башынан тарта өлкөдө 512 баланын катышуусу менен жол кырсыктары катталган. Анда 17 бала көз жумуп, 500дөн ашууну ар түрдүү жаракат алышкан. Өспүрүмдөр жыл башынан баштап дистанциялык (онлайн) окууда болушканы менен, жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол жана транспорт кырсыктары токтогон жок деп билдирет КР ИИМдин ЖКККББ басма сөз кызматы.

Балдар катышкан жол кырсыктар үч негизги категорияга бөлүнөт: унаа ичинде жүргүнчү
балдар, жөө жүргөн балдар жана унаа башкарган-айдоочу балдар.

Бүгүнкү күндө жол-транспорт кырсыктарынын саны боюнча, унаа ичинде жүргүнчү катары келе жатып кырсыка кабылган балдар менен, жөө баратып кырсыка учураган балдардын саны салыштырмалуу көп. Бирок, ошол эле учурда кырсыктын кесепетинен жаш өспүрүмдөрдүн (коркунучтуу) категориясы-бул унаа ичинде жүргүнчү катары келе жаткан балдар.

Балдар ата-энелердин кайдыгердигинен жана балдарды ташууда айдоочулардын жол эрежелерин сактабай, кырсыктар көбөйүп, андан каза тапкан жана оор жаракат алган балдардын саны өсүүдө. Жолдо жогорку ылдамдыкта айдап, балдарды ташууда коопсуздук курларын, же болбосо балдарды бекем кармап туруучу атайы жабдуулар колдонулбайт.

Мындан тышкары, ата-энелер жол тилкелеринде балдары менен туура эмес, же кооптуу аймактардан өтүшөт.

Жыл жаңыргандан баштап өлкөнүн бардык аймактарында жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарынын саны өстү. Мындай көрүнүш өзгөчө Ош облусунун аймагында байкалган. Балдарга коопсуздук жана жол кыймылынын эрежелерин сактоо мектептерде окутулганы менен, жайкы эс алуу мезгилинде балдар ата-энелердин көзөмөлүндө болушат.

«Урматтуу ата-энелер, жол эрежелерин сактап, балдарга үлгү болуңуздар. Балдар сиздердин кетирген каталарыңардын кесепетинен жабыр тартпашы керек!»,-деп жазылат ЖКККББнын маалыматында.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X