ЖМК комиссиясы шайлоого аттанган журналисттерге кайрылды

13-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 25

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия парламенттик шайлоодо талапкер болууну көздөгөн журналисттерге кайрылуу жасады:

“Өлкөнүн баш мыйзамына ылайык, Кыргызстандын ар бир жараны талапкер болууга, шайланууга акылуу. Андыктан, журналисттер да саясий өнөктүктө өзүн сынап көрүүгө толук укуктуу. Дүйнөдө жана Кыргызстанда журналисттер депутат болгон, жогорку кызматтарга дайындалган тажрыйба бар.

Коррупцияга каршы күрөшкөн, элдин кызыкчылыгын көздөгөн иштери менен таанылган журналисттер депутат болуп келсе, сөз эркиндигин бийликтин трибунасынан туруп коргоого салым кошот деген ишеним бар.

Талапкер болууну каалаган журналисттер өздөрүнүн саясий чечимдерин ачык айтып койгону – аларга болгон ишенимди бекемдеп, калыстык жаатында күмөн ойлордун жаралуусун азайтат”,- деп жазылат кайрылууда.

Комиссия бул кайрылууну Кыргызстандык журналисттердин этикалык кодексинин 5-беренеси менен бекемдейт. Ал беренеде:  “Журналист кай бир партияга мүчө болуудан, саясий ишмердиктен, мамлекеттик кызматта жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштөөдөн оолак болгону абзел. Эгер андай иштерге аралаша турган болсо, ал тууралуу өз окурмандарын, угармандарын жана көрүүчүлөрүн кабардар кылышы керек”, деп жазылган.

Комиссия мындан тышкары башка журналисттерге да кайрылып, калыстыкты карманууну, шайлоо өнөктүгүндө кайсы бир саячий күчтөрдүн куралы болуп калбоону өтүнөт.

  • Журналисттердин этикалык кодекс 23 беренеден турат. 2007-жылдын 8-декабрында журналисттердин Республикалык жыйынында кабыл алынган.
  • 2009-жылдын 16-апрелинде, 2012-жылдын 8-декабрында жана 2018-жылдын 26-майында журналисттердин Республикалык курултайында түзөтүүлөр киргизилген.
  • Кыргызстан журналистинин этикалык кодекси Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин адистигине карабастан, алардын этикалык жана кесиптик иш стандарттарын калыптандыруу, журналистиканын кесиптик деңгээлин көтөрүү, ошондой эле коомдун маалымат каражаттарына ишенимин жана сый мамилесин сактоо максатында кабыл алынган.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия ушул кодекстин негизинде иштейт. Комиссиянын 13 мүчөсу бар. Алардын жетөө жарандык коомдон, алтоо журналисттер арасынан шайланган. Төрайымы – Тамара Валиева.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында өтө турган парламенттик шайлоого катышууга ниеттенген журналисттердин арасында Эрулан Кокулов, Чынара Капарова, Эрнис Кыязов, Али Токтакунов, Улукбек Карыбек уулу жана башка бар.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X