Жогорку аттестациялык комиссиясы Президентке караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы болуп ɵзгɵртүлдү

3-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 19

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы жɵнүндɵ» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкта заманбап мамлекеттин технологиялык ɵнүгүүсүндɵ илимдин стратегиялык мааниси ɵлкɵнүн ɵнүгүүсүндɵгү социалдык-экономикалык жана маданий кɵйгɵйлɵрдү чечүүдɵ илимий жана инновациялык ишмердүүлүктүн багытталышынын зарылдыгын аныктай турганы белгиленет.

Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун мамлекеттик системасын мындан ары өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиясын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы деп ɵзгɵртүп түзүү токтом кылынат.

3-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 19
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X