Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында, жоолук салынган кыздардын жалпы мектептен билим алуу маселеси көтөрүлдү. Парламенттин жалпы жыйынында депутат Айбек Осмонов, жолук салынуу боюнча Ош облусунун Кара-Суу районунда көйгөй жаралганын айтып, тийиштүү мекемелердин бул боюнча маалыматын угууну сунуштады.
“Кара-Суу районундагы мектептерге жоолук салынган окуучу кыздарыбызды киргизбей жатышат. Жер-жерлерде ушундай көбөйүп жатат. Ошого билим берүү жана ички иштер министрликтерин чакырып, эмне үчүн киргизбей жатканын сурабайлыбы. Бул коомубузда абдан көйгөйлүү маселе болуп баратат”,- дейт эл өкүлү.
Төрага, депутаттар сунуш кылган маселелердин баары тийиштүү комитет аркылуу каралгандан кийин, сөзсүз жалпы жыйындын күн тартибине киргизилерин айтты.
27-апрель күнү Интернет тармагында, Кара-Суудагы мектептердин бирине жоолук салынган окуучу кыздар окууга жоолугун чечип кирип жаткандары тууралуу видео тараган болчу.