Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков: “Мурдагы президенттер ээлик кылышкан мүлктөрдү жарыялайм…”
Парламенттин узап бараткан аптадагы жыйыны курч маанайда, бүйүр кызыткан маалыматтарга бай болду. Эл өкүлү Акбөкөн Таштанбеков Ысык-Ата районундагы бир катар социалдык имараттарга өлкөбүздүн мурдагы эки президенти ээлик кылаарын жар салды. Тизме муну менен гана токтобой, аталган аймактагы жүздөгөн аянттагы жерлер, союздан калган завод-фабрикалар бир кездеги бийликте отурган таасирдүү чиновниктердин жеке менчигине өтүп келгенин жар салды. Биз дал ушул маселенин күңгөй-тескейин тактоо максатында эл өкүлүнө собол узаттык.
— Акбөкөн мырза, Ысык-Ата районундагы айрым социалдык имараттарга өлкөбүздүн мурдагы эки президенти ээлик кылаарын айттыңыз. Ушунча болгон соң алардын аты-жөндөрүн эл алдында табышмактатпай, ачыктасаңыз болбойт беле?
— Бул жагынан кичине сабыр кыла тургула. Бир нече күндөн кийин алардын жакын туугандары бир кезде ээлик кылган мүлктөрдүн туура эмес алынгандыгын ачык жарыялайм. Муну менен гана токтобой, Россиянын же Германиянын жарандыгын алган адамдардын биздин аймакта ээлик кылышкан жер тилкелери боюнча маселе көтөрөм. Аныгында, алардын жерлери кимге таандык? Бул тууралуу да бүйүр кызыткан маалыматтарды ачыктайм.
— Чет элдик жарандар айыл чарба жерлерине ээлик кыла алабы?
— Албетте жок! Ушул күндөрү андай жерлерди иштетип жаткандар мыйзамдуу ээсиби? Же кандай? Анткени, Ысык-Ата районунда мындай жерлер бир нече миң гектар аянтты түзөт. Бул жагынан суроолор көп, жооптор аз. Эмне үчүн жергиликтүү бийлик мындай мүлктөрдү каттоого албайт? Райондо ушу тапта 10го жакын бала бакчанын имараты аңгырап бош турат. Алардын айрымдары тонолгон, бул боюнча айыл өкмөттө катталбагандыктан оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшпөйт. Алардын укуктук жактан белгилей турган документтери жок. Алардын каттоосунун мыйзамдуулук жагын текшерип, каттоого алса болот беле? Болбосо сот аркылуу бул маселеге чекит коюш керек. Мындай бала бакчалардын имараттары жөн эле туруп, четинен талкаланып жатат. Ошол эле учурда сыртта жүздөгөн, миңдеген балдарыбыз бала бакчага кире албай жүрүшөт. Мындай бош турган бала бакчалардын имараттарынын көбүндө мурдагы акимдер менен губернаторлордун жакындары жашашат же пайдаланышат. Бул тап-такыр туура эмес!
— Жеке менчиктин кол тийгис экени мыйзамда да так көрсөтүлгөн эмеспи. Баш мыйзамдагы мындай аныктамага сиздин аракетиңиз учурда “көлөкө түшүрүп” жаткан жокпу?
— Ушул жерден тактоо киргизип коеюнчу. Мен бүгүнкү күндө эч кимге катталбаган кыймылсыз мүлк объекттерин айтып жатам. Жеке менчик жөнүндө айтканым жок. Кеп, учурда ар кандай себептерден улам муниципалдык менчикке катталбай калган мектептер, бала бакчалар жөнүндө болуп жатат. Тагыраагы, бир убакта мамлекет аларды өткөрүп берген, бирок ар кандай себептерден улам алар мамлекеттик каттоодон өтпөй калган. Бул бир жагы. Маселен, бала бакчалар, эски мектептер, китепканалар, айылдык маданият үйлөрү, мончолор. Айрым бош турган маданият үйлөрү менен бала бакчалардын имараттарына жергиликтүү бийлик убактылуу бирөөлөрдү жашатып койгон. Алтургай мал сарайга айланган китепканалар да бар. Мен бүгүн алардын баарын кууп чыгам дегенден алысмын. Болгону мындай мүлктөрдүн баарысы ээсиз калбай, тиешелүү каттоодон өтүшү керектигин айтуудамын. “Кол тийгис” болууга тийиш болгон жеке менчик маселесинде, биздин Баш мыйзам боюнча биринчи кезекте бардык менчик кол тийгис. Ал жагынан кеп жок. Буга удаа бизде жеке менчик гана эмес, муниципалдык, мамлекеттик менчик да бар. Мен завод-фабрикаларды, айрым бир башка объектилерди айтып жаткан жокмун. Жөн гана мектептер, бала бакчалар жөнүндө сөз козгоп жатам. Кезегинде биздин райондон бир нече мектептин имараттары ар кайсы убакта сатылып кеткен. Айткылачы, бизде мектепти сатууга же менчиктештирүүгө уруксат берген мыйзам барбы? Ошол эле айылдардагы суу түтүктөр системасы, кудук катталышы керекпи? Анткени, кудуктун корголгон аймагы бар. Андай жерлер каттоодон өтпөсө, бул жерлерди акырындап басып алгандар бар. Айтор, бул маселелер боюнча алдыда көп сөз болот. Күтө тургула…
Калыгул Бейшекеев