Жогорку Кеӊеш тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдырууга макулдук берди

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-Импорттук банкынын  ортосундагы тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча Макулдашуунун долбоорун карады.

Депутаттарга  КР Экономика жана каржы министри Руслан Татиков маалымат берип, 51,1 млн.долларды төлөө жылына эки пайыз менен 6 жылга жылдырылып жатканын билдирди.

Тактоо иретиндеги айрым суроолордон соӊ депутаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлиги    менен Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-Импорттук банкынын  ортосундагы тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча Макулдашуунун долбооруна макулдук беришти.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X