Жогорку Кеңештин депутаттары Түркияда бир катар жолугушууларды өткөрдү
Жогорку Кеңештин депутаттары Гульнара Акимбаева жана Гүлшаркан Култаеванын Түркияга болгон иш сапары уланууда.
Иш сапардын алкагында эл өкүлдөрү Анкара шаарында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анын ичинде Кыргызстан–Түркия парламенттер аралык достук тобунун башчысы Юсуф Беязид жана Эмел Гөзүкара Дурмаз бар.
Жолугушууда тараптар парламенттик ишмердүүлүк боюнча тажрыйба алмашып, депутаттар Түркия парламентинин иши менен жеринен таанышты.
Ошондой эле эл өкүлдөрү IKSAD институтунун президенти, профессор Мустафа Латиф Емек менен жолугушуп, өз ара кызматташуу жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, иш сапардын жүрүшүндө ТҮРКСОЙ уюмунун жетекчиси Султан Раев менен жолугушуу өттү.
Депутаттар ошондой эле Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилигинин кызматкерлери менен жолугуп, алардын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алышты.