Жогорку Кеңеш Акыйкатчынын 2025-жылдагы баяндамасын укту

15-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 98

Жогорку Кеңештин жыйынында Акыйкатчынын 2025-жылы адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө баяндамасы каралды. Анда жарандардын кайрылуулары, жабык мекемелердеги кармоо шарттары, соттолгондордун укуктары, мектептердеги коопсуздук жана медициналык жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.

Акыйкатчы Джамиля Джаманданбегенин маалыматына караганда, 2025-жылы институтка 9 672 кайрылуу түшкөн. Анын 7 429у боюнча жарандарга оозеки укуктук кеңеш берилсе, 2 243ү жазуу жүзүндө катталган. Ошондой эле «115 Шыр байланыш» кызматы аркылуу 3 954 адам кайрылган.

Өткөн жылы институт тарабынан 141 чара көрүү актысы жөнөтүлүп, анын 122си аткарылган. Алар негизинен саламаттык сактоо, билим берүү, ички иштер органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына багытталган.Возможно, это изображение текст

Жыйында депутат Дастан Бекешев кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун функциялары Акыйкатчы институтуна өткөрүлгөндөн кийинки иштерге кызыкты. Джамиля Джаманбева билдиргендей, 2025-жылы 811 мониторинг жүргүзүлсө, 2026-жылдын тогуз айында 762 мониторинг өткөрүлгөн. Анын 719у жабык жана жарым-жартылай жабык мекемелерде жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, депутаттар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн инфраструктуранын жеткиликтүүлүгү, аялдардын түзөтүү колониясындагы кармоо шарттары жана медициналык жардам, соттолгондордун укуктары боюнча маселелерди көтөрүштү.

Ошондой эле мектептердеги окуучулардын коопсуздугу, онкологиялык дары-дармектерди жеткирүүдөгү үзгүлтүктөр жана эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо маселелери талкууланды.

Акыйкатчынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын тогуз айында институтка түшкөн кайрылуулардын саны 65 пайызга көбөйгөн. Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү сот жана укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу.

15-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 98
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X