Жогорку Кеңеш менен Европа Биримдиги парламенттер аралык кызматташтыкты талкуулады
Комитет төрайымы Эльвира Сурабалдиева Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Эльвира Сурабалдиева Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар туруктуу өнүгүү, аймактык туруктуулукту камсыз кылуу, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана саясий диалогду бекемдөө маселелери боюнча пикир алмашты. Ошондой эле Жогорку Кеңеш менен Европа парламентинин ортосундагы парламенттер аралык алакаларга өзгөчө көңүл бурулду. 

Комитет төрайымы Эльвира Сурабалдиева өз ара кызыкчылык жараткан маселелерди ачык жана мазмундуу талкуулоо үчүн парламенттик диалогду пайдалануу чоң мааниге ээ экенин билдирип, муну менен катар Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн өзгөчө актуалдуу болгон миграция жаатындагы маселелерге басым жасады.

Өз кезегинде Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары да бекемдөөнүн зарылдыгын айтты. Ал өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө, биргелешкен демилгелерди илгерилетүүдө жана тараптардын өз ара түшүнүшүүсүн чыңдоодо парламенттик дипломатиянын маанилүү ролун белгиледи.
Жыйынтыгында тараптар конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга жана кыргыз-европалык кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири катары парламенттик дипломатияны өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.