Жогорку Кеңеште аймактардагы көйгөйлөр көтөрүлдү

9-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 78

Бүгүн, 9-сентябрда,  Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Ар кандай маселелер» саатында өлкөнүн аймактарындагы социалдык жана инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Эл өкүлдөрү мектеп жана бала бакча куруу, жолдорду оңдоо, медициналык тейлөөнү жакшыртуу, турак жай документтерин берүү, жер маселелерин чечүү жана жол коопсуздугун камсыздоо боюнча бир катар сунуштарды беришти.

Таш-Көмүр шаарындагы «Кызыл-Жар 12» шаарчасында ондогон үй-бүлө турак жайына менчик укугун тастыктаган документтерди ала албай жатканы айтылды. Депутат Гүлшаркан Култаева аймакка Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун уюштуруп, тез жардам унаасын бөлүп берүүнү сунуштады.

Боом капчыгайындагы жолду жарыктандыруу маселесин депутат Болот Сагынаев көтөрдү.

Билим берүү тармагындагы көйгөйлөргө бир нече депутат токтолду. Сузак районундагы №57 мектептин авариялык абалы, Ала-Бука районундагы №14 мектептин ордуна жаңы имарат куруу, Базар-Коргон районунун Колот айылына бала бакча салуу жана бир катар мектептерге кошумча корпус менен спорт зал куруу маселелери айтылды.

Ошондой эле Кадамжай жана Баткен райондорунда титулдук тизмеге кирген айрым мектептердин курулушу башталбай жатканы белгиленди. Баткен шаарындагы Ленин орто мектебин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү сунушталды.

Ош облусунда Папан – Лаглан жолунун 10 чакырымын асфальттоо, Жаңы-Турмуш айылына 225 орундуу мектеп, Торгой-Булак жана Эшме айылдарына ФАП куруу маселеси көтөрүлдү.

Жол коопсуздугу боюнча Кадамжай районунун Кызыл-Булак жана Ак-Кыя айылдарындагы жолдун жээгине тротуар жана видео көзөмөл камераларын орнотуу сунушталды.

Мындан тышкары, депутаттар Россияда иштеп жүргөн мекендештерге ипотекалык жеңилдик берүү, күч органдарынын ардагерлеринин пенсиясын жана кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу маселелерин көтөрүштү.

Экологиялык көйгөйлөр да парламенттин көңүл чордонунда болду. Депутат Рахат Жунушбаева мөңгүлөрдү коргоо жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу үчүн санариптик технологияларды колдонууга чакырды. Ал Ысык-Көлдүн түштүк жээгин өнүктүрүү боюнча сунуштарын да билдирди.

Ал эми Токтогул шаарында Чычкан капчыгайында алтын казууга каршы пикирлер айтылып жатканы маалымдалды. Депутат Болотбек Борбиевдин айтымында, жергиликтүү тургундар алтын казуу иштери Бала-Чычкан дарыясынын суусун булгап, ичүүчү сууга коркунуч жаратышы мүмкүн деп кооптонууда.

Депутат Дастан Бекешев болсо Кыргызстандын PISA рейтингинде 80-орунда турганына көңүл буруп, окуучулардын алган билимин турмушта колдоно билүү жөндөмүн өнүктүрүүгө басым жасоо зарылдыгын белгиледи.

Жыйында көтөрүлгөн маселелердин басымдуу бөлүгү аймактардагы социалдык инфраструктураны жакшыртууга жана калктын жашоо шартын жогорулатууга багытталды.

9-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 78
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X