Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков: «Бишкек шаарына метро курбаса болбой калды…»
Бишкекти каптаган “улуу” тыгын (транспорттук коллапс) жакында парламенттин трибунасынан да көтөрүлүп, баш калаага тезинен метро куруу зарылдыгын эл өкүлү Сүйүнбек Өмүрзаков көтөрүп чыкты. Шаардагы унаа тыгыны тууралуу улам бир идея, сунуштар байма-бай көтөрүлүп жаткан чакта, метро куруу канчалык деңгээлде жүйөлүү? Аны курууну өлкө экономикасы көтөрө алабы? Мындай соболдор менен идеянын авторун азын-оолак кепке тарттык.
— Сүйүн Абдылдаевич, транспорттук коллапска кептелген Бишкек шаарына метро куруу зарылдыгы канчалык деңгээлде негиздүү деп эсептейсиз?..
— Бүгүн, «Бишкек үчүн метро маселесин кароо зарылчылыгы бар» деп толук кандуу айтууга болот. Себеби, учурда Бишкек шаарындагы калктын санынын өсүшү, унаалардын эсепсиз чекте көбөйүшү жана транспорттук тыгындардын күчөшү, метро маселесин олуттуу карап чыгууну талап кылууда. Метро чоң жүргүнчү агымын үзгүлтүксүз ташууга мүмкүнчүлүк бергендиктен, шаардагы транспорттук жүктөмдү азайтуунун узак мөөнөттүү чечимдеринин бири болушу мүмкүн. Албетте, метро куруу — өтө ири инвестицияны, узак убакытты жана олуттуу техникалык даярдыкты талап кылган ири долбоор. Ошондуктан, аны куруу чечими эмоцияга эмес, адистердин эсеп-кысабына таянышы керек. Тагыраагы, жүргүнчүлөрдүн күнүмдүк агымы, курулуштун наркы, каржылоо булактары, эксплуатациялык чыгымдар жана метро кайсы багыттарда реалдуу транспорттук көйгөйдү чече алары комплекстүү изилденүүгө тийиш. Ошондуктан, аны дароо куруу эмес, жүргүнчүлөрдүн агымы, чыгымы, каржылоо мүмкүнчүлүгү жана башка транспорттук чечимдер менен салыштырып, такталган эсеп-кысаптын негизинде
чечүү туура. Буга удаа автобустарды жаңылоо, коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелерди көбөйтүү, жол кыймылын интеллектуалдык башкаруу жана шаардык инфраструктураны жакшыртуу сыяктуу чаралар да токтотулбашы керек. Метро куруу маселесин дал ушул жалпы транспорттук стратегиянын алкагында карап, экономикалык жана социалдык жактан негиздүү чечим кабыл алуу туура деп эсептейм.
— Шаардагы жеке унааларга карата балким бирдиктүү эреже керек эмеспи? Маселен, шаар тургундары үчүн жеке унааларын дем алыш күндөрү гана айдоого уруксат берилсе, иш күндөрү коомдук транспортту гана пайдаланууга милдеттендирилсе, айрыкча мамлекеттик кызматкерлер да бул эрежеге баш ийдирилсе, шаарыбыз ашыкча автотранспорттук жүктөн арылат беле?
— Жеке унааларды дем алыш күндөрү гана колдонууга милдеттендирүү тыгынды азайтканы менен мындай чектөө жарандардын күнүмдүк жашоосуна жана ишине олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан, муну дароо милдеттүү тартипте киргизүү туура эмес. Адегенде, коомдук транспортту ыңгайлуу, тез жана жеткиликтүү кылып, андан кийин унаа кыймылын чектөөнүн механизмдерин коомчулук менен талкуулап көрүү зарыл. Эң негизгиси, жарандар, шаар тургундары, мектеп окуучулары, студенттер жана туристтер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүшү керек. Мындай маселелерди кылдат карап, коомдук талкуу аркылуу көпчүлүктүн сунуштарын эске алуу менен чечим кабыл албаса болбойт.
— Дүйнөдөгү ири шаарлардын унаа тыгындарын чечүүдөгү кандай ыкмаларын биздин шаар бийлигине сунуштар элеңиз?
— Дүйнөнүн ири шаарларынын тажрыйбасынан биз үчүн эң маанилүүсү — коомдук транспортту биринчи орунга чыгаруу тажрыйбасы деп ойлойм. Себеби, шаар ичинде
коомдук транспорт элди күттүрбөй, белгилүү убакытта үзгүлтүксүз каттап, болжолдогон жерге өз убагында жүргүнчүлөрдү жеткирүүнү камсыз кылса, жүргүнчүлөрдө ишеним пайда болот, жумушка, окууга кечикпей, өз убагында жетишет. Бишкек шаарында автобустардын санын көбөйтүү, өзүнчө тилкелерди кеңейтүү, жол кыймылын акылдуу башкаруу жана унаа токтотуучу жайларды туура уюштуруу зарыл. Баш калаага кирген унаалардын агымын азайтуу үчүн шаар четиндеги унаа токтотуучу жайларды өнүктүрүү керек. Менин оюмча, бир гана метро же жол куруу эмес, ушул чараларды комплекстүү жүргүзүү тыгын маселесин чечүүгө көбүрөөк жардам берет. Мындай маселелер менен тиешелүү кызматтар тезирээк алпурушпаса, Бишкек шаарында унаа тыгыны айласыз абалга кептелип калды.
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ