Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Динара Ашимова: ШКУдагы төрагалык жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн башталышы…
Бул жылы өлкөбүздүн ШКУдагы төрагалыгы эл аралык деңгээлдеги абройлуу уюмдун мааракелик жылына туш келди. Мындай шартта Кыргызстанга кошумча жүк жүктөлүп, өлкөбүздүн төрагалыгы астында 200дөн ашык атайын иш-чара өткөрүлдү. Кыргызстандын төрагалыгы учурунда кадыры бийик уюмдун эл аралык беделин чыңдоо, эл аралык байланыштарын кеңейтүү боюнча көп иштер жасалганын белгилеген ШКУнун баш катчысы Нурлан Ермекбаев кыргыз өлкөсү бул сапар өзүнүн чыгармачылыгы менен айырмаланганын, өлкөдөгү бийик чокуга ШКУнун аты берилип, жалпысынан жаштар менен иштөөгө олуттуу көңүл бурулганын айтты. Биз бул сапар дал ушул дүйнөлүк саясат талкууланган ШКУдагы маанилүү иштердин жыйынтыгы боюнча коомчулуктун пикирин билүүгө далалат кылып, Кыргызстан ШКУдагы төрагалык милдетти кандай жыйынтыктай алды деген суроо менен кайрылдык.
— Кыргызстан ШКУдагы төрагалыгын татыктуу жана ийгиликтүү жыйынтыктады. Мааракелик жылга туш келген төрагалык өлкөгө олуттуу уюштуруучулук жана саясий жоопкерчилик жүктөдү. Өлкөбүз уюмга төрагалык кылган мезгилинде 200дөн ашык иш-чара өткөрүлүп, транспорт, логистика, стандартташтыруу, спорт жана жаштар саясаты багыттарында жаңы кызматташтык форматтары түзүлүп, Кыргызстан ШКУнун эл аралык байланыштарын бекемдөөгө салым кошту: КМШда байкоочу статусуна ээ болуп, ШКУ–КМШ–ЖККУ кызматташтыгы боюнча жол картасы кабыл алынды. Бишкек саммити өлкөнүн жогорку уюштуруучулук мүмкүнчүлүгүн көрсөттү. Саммиттин жыйынтыгында Бишкек декларациясы жана дагы 27 документ кабыл алынды. Эң маанилүүсү – Кыргызстан өзүн жөн гана уюмдун мүчөсү катары эмес, күн тартибин сунуштай алган жана конструктивдүү диалог түзө алган мамлекет катары көрсөттү. Транспорт, коопсуздук, санариптештирүү, жасалма интеллект жана гуманитардык кызматташтык сыяктуу маанилүү багыттарга өзгөчө көңүл бурулду. Ошондуктан төрагалыктын жыйынтыгын өткөрүлгөн иш-чаралардын саны менен гана баалоо туура эмес. Негизги натыйжа – Кыргызстан өзүнүн дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, улуттук кызыкчылыктарын көп тараптуу форматта илгерилетүүгө шарт түздү. Эми түзүлгөн байланыштарды жана жетишилген макулдашууларды конкреттүү экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорго айландыруу маанилүү. Демек, ШКУдагы төрагалык аяктаган цикл эмес, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн башталышы болуп саналат.
Калыгул Бейшекеев