Жогорку соттун судьялары жалпы республикалык ишембиликке катышты
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев баштаган Жогорку соттун судьялары, аппарат кызматкерлери жана сот приставдары жалпы республикалык ишембиликке катышты.
Ишембиликтин алкагында кызматкерлердин басымдуу бөлүгү Советтер Союзунун Баатыры Исмаилбек Таранчиев атындагы эс алуу жайында тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү. Калган кызматкерлер Жогорку соттун имаратына жанаша жайгашкан аймакты тазалашты.
Мындан тышкары, сейил бакты көрктөндүрүү иштерине Бишкек шаардык сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери да катышты. Биринчи Май райондук сотунун кызматкерлери Ысык-Көлдөгү «Фемида» пансионатында өткөн ишембиликке чыгышты.
Ишембилик Президенттин Улуттук тазалык күнүн өткөрүү жана тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча инфраструктура түзүү тууралуу Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.


