Жакын арада жолдорго кайрадан үч буттуу камералар коюлуп баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбеков Жогорку Кеңештин Траснпорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, үч буттуу камеранын алдына эскертүүчү белги коюлат.