“Жоруктар” — күлкү менен жазылган тарых

27-февраль, 2026-ж. / Редакция / Адабият 168

Кыргыз китеп дүйнөсүнө дагы бир жагымдуу  жылмаюу тартуулаган “Жоруктар” аттуу китеп жарык көрдү. Бул жыйнакта кыргыздын залкар төкмөлөрүнүн, акын-жазуучуларынын, өнөр адамдарынын сахна сыртындагы жашоосу, эл биле бербеген күлкү аралаш кылык-жоруктары, тагдыр бурулуштарында баштан кечирген кызыктуу окуялары камтылган.

Залкарлардын эл эсиндеги образы — олуттуу, салмактуу, кээде  кол жеткис бийик. Бирок,  алардын да жүрөгүндө тамашага жакындык, күтүлбөгөн мүнөз, адамдык назик сезим жашайт. Дал ошол көмүскөдө калган, бирок  өтө кызык дүйнөнү ачуу демилгесин Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев көтөрүп чыгып, аны ишке ашырууну “Эркин-Тоо” гезитинин редакторунун орун басары, акын Курманбек Рыспаев колго алган. Жыйынтыгында окурманды бирде жылмайткан, бирде таң калтырган, бирде терең ойго салган баалуу китеп жаралды.

Жыйнакка Тууганбай Абдиев менен Эстебес Турсуналиевдин эскерүүлөрү, жазуучу Мырзаян Төлөмүшовдун замандаштары тууралуу баяндамалары, Меңди Мамазаирова, Маркабай Ааматов сыяктуу инсандардын эсинде калган ирмемдер камтылган. Ошондой эле Олжобай Шакир топтогон Салижан Жигитовдун аскиялары китепке өзгөчө шаң, өзгөчө салмак берип турат.

“Жоруктар”  бул жөн гана эскерүү эмес. Бул  залкарлардын адамдык табиятын ачкан, улуулук менен жөнөкөйлүктүн айкалышын көрсөткөн, күлкү аркылуу тарыхты сүйлөткөн жыйнак. Бул китепти окуп жатып, сиз сахнанын жарыгында турган улуу инсандарды эмес, дасторкон четинде тамаша айткан, жол үстүндө кызык окуяга кабылган, жашоонун кадимки агымында жашаган адамдарды көрөсүз.

Кээ бир барактарын окуп жатып эрксиз жылмайсаңыз, кээ биринде “ушундай да болгон экен!” деп таң каласыз. Ал эми айрым саптарда кыргыз рухунун тирүү демин сезесиз.

Жакшы окуяларга бай, жүрөккө жылуулук тартуулаган бул китеп — окурмандын текчесинде эмес, көңүлүндө сакталчу эмгек. Бир барагын ачкан соң, кийинкисин окубай коё албайсыз.

Чынайым Кутманалиева

27-февраль, 2026-ж. / Редакция / Адабият 168
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X