ЖОЖдордо кышкы кабыл алуунун 4-туру башталды
Кыргызстандын жогорку окуу жайларында кышкы кабыл алуунун 4-туру башталды.
Маалыматка ылайык, кышкы кабыл алуунун 4-туру бүгүн, 26-январда башталып, 28-январда саат 14:00дө жыйынтыкталат. Абитуриенттер документтерин онлайн режиминде тапшырып, бош калган келишимдик орундар үчүн тандоодон өтө алышат.
Белгилей кетсек, жогорку окуу жайларда кышкы кабыл алуу жайкы кабыл алуудан кийин бош калган келишимдик орундарды толтуруу максатында жүргүзүлөт.