Жумушка алууда балдар тууралуу суроого тыюу салынды
Кыргызстанда иш берүүчүлөргө жумушка кабыл алуу учурунда талапкерден балдарынын бар-жогун, бала пландап жатканын же үй-бүлөлүк милдеттерин сураганга тыюу салынды. Тиешелүү мыйзамга 2026-жылдын 17-июлунда кол коюлган.
Мындан ары иш берүүчү талапкердин кесиптик сапаттарына гана тиешелүү маалыматты талап кыла алат. Үй-бүлөлүк абал жумушка алуудан баш тартууга же кызматтан бошотууга негиз боло албайт.
Ошондой эле вакансияларда «эркек керек» же «аял керек» деген талапты негизсиз көрсөтүүгө да тыюу салынды.
Мыйзам кызматкерлерди дискриминациядан, зомбулуктан жана сексуалдык асылуудан коргоону күчөтөт. Иш берүүчүлөр мындай учурлардын алдын алып, кызматкерлердин даттанууларын кароого милдеттүү.
Мындан тышкары мамлекеттик жана муниципалдык органдарда бир жыныстын өкүлдөрү кызматкерлердин 70 пайызынан ашпоого тийиш.
Эгер сот дискриминация болгонун аныктаса, иш берүүчү талапкерди жумушка кабыл алууга же мыйзамсыз бошотулган кызматкерди кайра ишке орноштурууга, ошондой эле келтирилген чыгымды төлөп берүүгө милдеттендирилиши мүмкүн.
Мыйзам расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет.