Жылдызбек Абдраимов Танжердеги дүйнөлүк муниципалдык саммитке катышты

29-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 159

22–25-июнь күндөрү Марокко Падышалыгынын Танжер шаарында «Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер» (UCLG) уюмунун Дүйнөлүк конгресси жана Жергиликтүү жана аймактык лидерлердин дүйнөлүк саммити болуп өттү.

Бул ири эл аралык иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан келген шаарлардын жана аймактык бийлик органдарынын, ошондой эле алардын ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты. Жалпысынан 3000ден ашуун делегат, анын ичинде шаар башчылары, губернаторлор, депутаттар, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чогулду.

Конгресстин жүрүшүндө UCLG уюмунун Башкы Ассамблеясынын, Дүйнөлүк кеңешинин жана Аткаруу бюросунун жыйындары өткөрүлүп, туруктуу өнүгүү, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, климаттык саясат, эл аралык кызматташтык жана шаарлардын глобалдык өнүгүү маселелери талкууланды.

Иш-чарага Бишкек шаары мүчө болгон UCLG-Евразиянын делегациясы да активдүү катышты. Отчеттук жыйындын алкагында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов сөз сүйлөп, уюмдун ишмердүүлүгүнө баа берип, бир катар сунуштарын ортого салды. Ал Евразия аймагындагы шаарлар аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн, мыкты тажрыйбаларды алмашуунун жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролун күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Бишкек шаардык кеңешинин бул конгресске катышуусу борбор калаанын эл аралык муниципалдык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, чет өлкөлүк шаарлар менен байланыштарды бекемдөөгө жана глобалдык шаардык күн тартибин калыптандырууга активдүү катышууга умтулуп жатканын дагы бир жолу тастыктады.

29-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 159
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X