Жылытуу мезгилине карата кандай тапшырмалар берилди?

8-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 15

КР Энергетика жана өнөр жай министрлигинде 2021-2022-жылдын жылытуу мезгилине отун-энергетикалык ишканалардын даярдыгы боюнча штабдын жыйыны өткөрүлдү. Анда энергокомпаниялардын 2021-жылдын 8 айындагы ишмердүүлүгү жана 2021-2022-жылдагы жылытуу мезгилине даярдык маселеси талкууланды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.  

Жыйында төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнө 2021-жылдын 9-апрелиндеги №137 токтомдун аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү улантуу тапшырмасы берилди.

— «Токтогул ГЭСин реаблитациялоо» долбоорунун 2чи фазасынын алкагында гидроагрегаттарды алмаштыруу боюнча иштерди тыкыр көзөмөлгнө алуу;

— «CASA-1000», «Ат-башы ГЭСин реконструкциялоо», «Уч-Коргон ГЭСин модернизациялоо» жана башка инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну көзөмөлгө алуу.  

«Кыргызкөмур» мамлекеттик ишканасына жана башка көмүр казуучу ишканаларга төмөнкү милдеттерди аткаруу керектиги эскертилди:

—         2021-2022-жылдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү максатында Бишек ЖЭБине көмүрдү белгиленген графикте жана өлчөмдө жеткирүүнү камсыз кылуу;

—         Жылытуу мезгилине чейин бюджеттик мекемелерди жана калкты жетиштүү көлөмдөгү көмүр мене камсыз кылуу;

«Кыргызнефтегаз» ААКга:

—         Ош шаарындагы ЖЭБди мазут менен белгиленген өлчөмдө жана графикте камсыз кылуу.

 «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясына» төмөнкү сунуштар берилди:

—         Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдүү колдонуу жана элект энрегиясынын керектөө лимитин сактоо,

— Авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу үчүн капиталдык оңдоо жана жабдууларды модернизациялоо иштеринин аткарылышын камсыз кылуу,

— Дебютордук карзыдарды чогултуу,

— 2021-жылга бекетилген негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтү аткарууну камсыз кылуу,

— Электр энергиясын үнөмдөо боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана сарамжалдуу колдонуу боюнча иш чараларды кабыл алуу,

— «Электр станциялар» жана «Кыргызстан УЭТ»  ААКтарына 2022-жылы кошумча электр энергиясын импорттоо маселесин карап чыгуу.  

Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Энергетикалык, өнөр жай жана тоо кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекцияга төмөнкү тапшырмалар берилди:  

— Авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу жана алдын алуу, ошондой эле өчүрүүлөр боюнча анализ жүргүзүү үчүн тийиштүү иш чараларды аткаруу тапшырмасы берилди.

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКга төмөнкү сунуш берилди:

— 2021-жылдын Инвестициялык программасынын алкагында социалдык обьектилерди газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүнү улантуу.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X