Зимбабве делегациясы Улуттук тарых музейинде болду
Кечээ Зимбабве Республикасынын Тышкы иштер жана эл аралык соода министрлигинин Туруктуу катчысы Альберт Рангаи Чимбинди баштаган делегация Кыргызстандын Улуттук тарых музейине барды.
Коноктор музейдеги өлкөнүн тарыхы, маданияты, каада-салты жана улуттук өзгөчөлүктөрүн чагылдырган экспозициялар менен таанышты.
Экскурсия соңунда Альберт Рангаи Чимбинди музейдин Ардактуу коноктор китебине эстелик жазуу калтырып, кыргыз элинин бай тарыхый-маданий мурасына жогору баа берди.
Делегациянын музейге сапары Кыргызстан менен Зимбабвенин маданий-гуманитардык байланыштарын бекемдөөгө багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болду.