31-январь күнү Башкы прокуратуранын басма сөз борборунда мыйзам көзөмөлдөөчү органдын башчысы Курманкул Зулушев төртүнчү бийлик өкүлдөрү үчүн жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынын берди.
Жыйын алгач жарым саат бою Зулушевдин өткөн жылы прокуратура органдары тарабынан канча кылмыш иши козголуп, канчасы өндүрүштөн кыскарып, канча пайызы сотко өткөнүн, тынбаган аракеттердин натыйжасында мамлекеттин казынасына жемкорлордон кустурулган миллиондордун изин, жер, социалдык имараттар, деги койчу аткарылган иштерди тизмектеп берди. Мамлекеттик кызматкерлердин “тапталып бүткөн” мындай сандардан куралган отчету окурман журтуна кызык деле болбосо керек. Гезит окурмандарын тажатпай, Эркин Тоонун атынан катышкан калемгер катары эки көрүнүштү кыскача алдыңарга тартуу этип коёюн. Майдаланып, сөздү көбөйткөндө не?
Эң оболу, башкы прокуратуранын астанасын аттаар замат Манас үнү жаңырып, киргендерге моралдык, нравалык жактан шаңга бөлөгөн, өзгөчө көкүрөгүндө “мен кыргызмын” – деген от жанып тургандарга дух тартуулаган, жакшы ауранын түзүлгөнүн байкоого болот. Анан калса дал ушул Зулушев башкы прокуратуранын “эки тизгин, бир чылбырын” колго алганы мыйзам көзөмөлдөөчү органдын тилин кыргызча сайратып, иш-кагаздарын өз эне тилибизде жүргүзүп койгондугун, патриоттуулукту куру дымак менен эмес, иш жүзүндө ушинтип көрсөтсө болоорлугун далилдептир. Баракелде! Башкы прокурордун мындай сыймыктуу жүрүшүн кантип алкабай коесуң?
Экинчиси, биздин гезит аркылуу Ысык-Көлдүн Өрнөк айылынын “жылаңач баатыры” Эрнис Исабековдун аймактагы адилетсиздикти жар салган кайрылуулары Курманкул Зулушевдин өзүнө бир канча ирет чагылдырылып келген. Прокуратура өкүлдөрү, өзгөчө басма сөз кызматы жарыяланган кайрылууга карата “быш этип” койбогондуктан, айласы куруган арыз ээси биздин сунушубуз менен баш прокурордун Ысык-Көлдөгү эл менен жолугушуусуна барып, Зулушевдин өзүнө арыз-муңун жолдойт. Көпчүлүктүн көзүнчө Курманкул мырза бул ишти дароо өз көзөмөлүнө алаарын айтып, арыз ээсин жубатат. Андан бери дээрлик 3 айга чукул убакыт өтсө дагы баягы иштен дайын жок. Облустук прокуратура бул ишти айыл чарба министрлиги менен биргеликте чечүү керектиги сыяктуу көңүл жубаткан катын жолдогон экен. Ошондон бери мамлекеттик органдар бул ишти бири-бирине кат аркылуу шылташып, кудум бүгүн мышык-чычкан оюнун эске салган көрүнүш катталып жатканын арыз ээси бизге кабарлайт. Ыңгайы келип калгандыктан дал ушул көйгөйдү башкы прокурордун өзүнө кайрадан жаңыртып көтөрдүк. Курманкул Зулушев иштин көбүнөн улам эсинен чыгардыбы же өзү айтмакчы, ар бир арыз дайыма кайрылган жарандын кызыкчылыгына эле карап чечиле бербеши мүмкүндүгүн кыйытты. Гезит аркылуу бул маалыматыбыз жарык көрсө, Зулушевдин жайнаган аткошчулары Эрнис Исабековдун датына кулак салып, ар бейшембиде баш прокурордун жарандарды кабыл алган нөөмөтүнө жазып, жолугуштуруп коюшаар. Кокус Курманкул мырза арыз ээсине он мүнөт убакыт тапса, ишти жүр-нарыга салбастан кол алдындагы кызматкерлерине шылтабай, Чолпон-Ата шаарынан сөз бергендей ишти жеке өзү көзөмөлгө алса дээр элек. Жигиттин айткан сөзү сөз болушу керек да, туурабы? Адилеттүүлүк болбосо, биз бул темага арыз ээси менен бирге кайрадан кайрылмакчыбыз. Азырынча күтө туралы. Эстүү жигит көрүнгөн Зулушев мырза каарманыбызды кабыл алганга жарайттыр…
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ