"Эркин-Тоо"

БИЛИМГЕ РЕФОРМА МЕКТЕПТЕН БАШТАЛАТ

Акыркы үч жылда билим берүү жана илим министри 3 жолу алмашып, кечээ жакында жаңы министрдин милдетин аткаруучу болуп Догдуркүл Кендирбаева дайындалды. Балким коомдун кайсы бир бөлүгү үчүн бул күтүлбөгөн чыгар. Себеби, Д.Кендирбаева көпчүлүктүн көзүнө билим берүү тармагында көрүнүктүү орунду ээлеген адам болбошу мүмкүн.

Бирок анын бүтүндөй ишмердиги кайда барса да кайра эле айланып келип билим чөйрөсү менен тыгыз байланышта болуп келди. Демек, ал билим тармагына чоочун киши эмес. Өзгөчө билим берүү тармагын өзгөртүп, өнүктүрөлү десек биринчи иретте мектепте билим берүүнү колго алуу керек. Эгерде мектеп балдарды билимге кандырып, шыгын ача албаса ЖОЖдорго кайдан жөндөмдүү, чыныгы илимбилимге умтулган жаштар келет? ЖОЖдор жаш адамды калыптандырбайт, алар адистик берет. Баланын билимге шыгы, келечекке калыптануусу бала бакчадан, мектептен башталат. Эгерде мектепке чейинки жана мектепте билим берүү сапатын оңдой албасак билим берүү реформасын ишке ашыра алабызбы? Албетте, жок! Учурда мамлекет мектептерди, бала бакчаларды салып, бул тармакка жакшы көңүл бөлүнө баштады. Догдуркүл Кендирбаева бүткүл өмүрүндө мына ушул балдарды эрте куракта өнүктүрүү багытында эмгектенип келген адам. Аны министр кылып жооптуу кызматка дайындоодо да сөзсүз мына ушул жагдай эске алынды деп ойлойм. Анан калса ал жаңычыл, коомдук өнүгүүнүн учурдагы агымын жакшы түшүнгөн, ошол жаатта активдүү иштеп жүргөн адам.

Эмгек ишмердигинде совхоздо жумушчудан баштап мектепте мугалим, Билим берүү жана илим министринин орун басары кызматына чейинки бардык тепкичтерди басып өткөн. Министрдин милдетин аткарууга шымалана киришип, айыл жериндеги мектептерге чейин жетип, окуу процесси менен таанышууга үлгүрдү. Кечээ Кочкор районундагы Арзымкул Бостонов атындагы орто мектепке барып 11-класстын окуучулары менен англис тили сабагында баарлашып жатат. Мектепке соцтармакка өзү жазгандай айтып-дебей эле күтүүсүз баш бакты.

Баса, Догдуркүл Кендирбаева министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалгандан кийин Фейсбукта аны жаңы кызматы менен куттуктагандарга ыраазылык билдирүү менен кеңири бир постун жарыялады. Анда ал ар бир баланын сапаттуу билими үчүн чогуу жаратмандык менен иштөөгө, кызматташууга чакырык таштап, мен билим берүүгө багытталган ар бир сунушка, демилгеге ачыкмын, — деп жазды. Анын постун окуп мага жаныңда эле жакшы тааныш адам менен сүйлөшүп отургандай таасир калды. Себеби, анда айтылган маселелер эң эле жөнөкөй, балким айрымдар үчүн маанисиз деле сезилиши да мүмкүн. Бирок “театр кийим илгичтен башталат” дегендей эле адамдарга ыңгайлуулуктарды түзүү жакшы жетекчинин көңүлүнөн тыш калчу маселе эмес. Андыктан анын “биринчи этажга пандус койгондон кийин инклюзивдүү туалет салуу керек” деп алдыңкы иш-пландардын катарында белгилеп жатканын туура эле кабыл алам. Эми министрдин эс алуу бөлмөсү “министрликке иштеген энелердин балдары үчүн балдар оюн өнүктүрүү бөлмөсүнө айланат. Педагогикалык окуу жайдын студенттерин практика өтүүгө чакырууга тапшырма бердим. Кийин ушундай балдар бөлмөсүн ар бир биздин структуралык мекемелерде ачууну, жаш энелерге иштегенге шарт түзүү талабын коём. Анткени, кызматкерибиз баласын отургучка уктатып коюп иштеп жатыптыр. Ар бир жетекчинин сөзүн, сунушун уктум. Азыр бала бакча өкүлдөрүн кофеге чакырдым”, — дейт министр. Чынында бул биздин айрым жетекчилердин “байманаптык” көз карашынан таптакыр айырмаланат. Айрым жетекчилер “балаңды караган киши жок болсо бар үйүңө, балаңды кара” деп тышка чыгарып коёт эмеспи. Жаңы министр мына ушундай биз үчүн жаңычыл, гумандуу акция жасоого даяр. Иш үстөлүндө кыларга иши жоктой уйкусурап отурган кээ бир кызматкерлерге караганда жаш энелер жандалбастап чуркап, натыйжалуу иштеши мүмкүн.

Догдуркүл Кендирбаева бала бакча өкүлдөрүн кофеге чакыргандай эле журналисттер менен блогерлерди да айына бир жолу кофеге чакырууга убада кылууда. Аткаминерлер менен чай үстүндө баарлашуу дайыма эле болуп келген. Бирок бул жердеги айырмачылык ар ким өз кофесин өзү сатып алышы керек. Себеби, министрликте же министрдин чөнтөгүндө бул үчүн акча каралган эмес! Догдуркүл Кендирбаева кичине болсо да мамлекеттик акчаны максатсыз жумшоонун жолун мына ушинтип кескиси келет. Чындыгында бардык иштер кичинеден, майдадан башталат. Биз мына ушуга үйрөнүшүбүз керек.

Догдуркүл айым ачыктык, жөнөкөйлүк принциптерди кармануу менен бирге эле кол алдындагы кызматкерлерине катуу талапты коюп, “кыска аралыкта новатордук сунуштарды механизми менен беришпесе, кимиси болбосун коштошууга туура келет”, — деп “сүрүн” көрсөткөндөй да болуптур. Албетте, заман, талап өзгөрүп жатат. Замандын агымын туура аңдапбилип, ошого жараша өзгөрө албасаң азыр “өз убалың өзүңө” дегендей учурда жашап жатабыз. Бирок министр айым жаңылыпжазып кол алдындагы иш билги кызматкерлерин кимдир бирөөлөрдүн көзү же сөзү менен катардан чийип койгонго жол бербейт деп ишенгибиз келет. Анткени, бизде ишин билип, бирөөлөрдүн “тилин” билбеген кызматкерлер “жаман көрүнүп” калган учурлар оголе көп кездешет эмеспи.

Билим берүү тармагын кыртышынан өзгөртүү, жаңылоо керек. Бул өтө оор, өтө жооптуу милдет. Мурдагы министр Каныбек Иманалиев дилгирлене абалды өзгөртүүгө киришип, бирок ачык, так багытын таба албадыбы, айтор министр катары ишинин жыйынтыгы жакшы болбой калды. Тармакта тажрыйбасы мол Догдуркүл Кендирбаева заман талабына ылайык реформаларды жасап, Мамлекет башчысынын илгери үмүтүн актайт деп үмүт арта туралы.

Бегим ТУРДАЛИЕВА

№79 “Эркин-Тоо” гезити

2023-жылдын 3-октябры