"Эркин-Тоо"

Генерал-лейтенант Феликс КУЛОВ: “Батыштын кызыкчылыгы бизди орустардан бөлгүсү келет”

— Феликс Шаршенбаевич, бүгүн дүйнө экиге бөлүнүп, саясий-экономикалык абал туруксуз абалга кептелди. Бир мамлекеттин үстөмдүгү менен саясий мамиле чечилбей турган абал түзүлдү. Ушундай оор кырдаалда бизге окшогон чакан өлкөлөр кандай позицияны карманганы оң болот?

— Туура, дүйнөдө саясий абал тынч эмес. Мурунку абалга келиши да күмөн. Ал тургай өзүбүздүн коомдо Украина боюнча бөлүнүү бар. Кээ бир коомдук активисттер Украинаны колдоп, Путинди сындаса, башкалар Россиянын позициясын туура деп эсептеп жатышат. Биздин бир миллиондон ашык жараныбыз Россияда эмгектенип, жыл сайын өлкө бюджетине тең суммадагы акчаны бизге жөнөтүүдө. Батыш дагы бизге активдүү мамилесин жасап жатат. Ошондуктан, биз каалайбызбы, каалабайбызбы абал оор. Бул абалда Президент Садыр Жапаровдун нейтралдуу позицияны карманабыз дегенин колдойм. Мындан сырткары Ооганстанды эстен чыгарбашыбыз керек. Ал жактагы окуя бизге сөзсүз таасирин тийгизет. Тажикстанда дагы абал жакшы эмес. Рахмон “Талибдердин позициясы мага жакпай жатат. Ооганстандын калкынын 30 пайызын тажик улутундагылар түзгөнү менен өкмөттө тажик өкүлү жок” деп айтты. Талибдер менен Рахмондун мамилеси аябай начар. Азыр Ооганстандагы тажиктер “Биз Рахмондун режимине каршы чыгып жатабыз” деп турушат. Тажикстандын ичинде дагы нааразы болгондор бар. Батышта Рахмондун режимине каршы болгон оппозиция жүрөт. Рахмон ушундай абалда коомчулуктун көңүлүн башка жакка буруу үчүн Кыргызстан менен согушууну каалады. Ушул таасирди дагы унутпашыбыз керек. Дүйнө, анын ичинде коңшуларыбыз тынч болбой турганда Садыр Жапаровдун калыс позицияны карманган саясаты туура болууда.

— Өлкө жетекчилиги коопсуздукка көбүрөөк маани берип, көп каражатты ошол жакка жумшап жатканы туура деген пикирдесизби?

— Бул өлкө жетекчилигинин туура саясаты. Эң биринчи бизге тынчтык зарыл. Камчыбек Ташиев 1 млрд доллар коопсуздукка жумшалганын айтты. Социалдык тармактагы кээ бир программалардын аткарылышына залакасын тийгизиши мүмкүн. Бирок биз абалды реалдуу караганды үйрөнүшүбүз керек. Бул чаралар зарылдыктан келип чыгууда. Эл дагы абалды туура кабыл алышы шарт. Президенттин Администрациясы элге туура маалыматты жеткизсе, коомчулук дагы туура кабыл алат.

— Биз Россия-Украина окуясында нейтралдуу позицияны кармандык. Бирок, Батыш өлкөлөрү “Россияга жакын өлкөлөргө дагы экономикалык санкциялар киргизилет” деп билдирүү жасаган. Бул коркунуч бизди кыйгап өтөбү?

— Бул коркунуч бар. 3-4 ай мурун бул жакта форум өтүп, ага Германиядан делегация келген. Ошол учурда “Силер биздин позицияны түшүнүү менен кабыл алышыңар керек. Биз күнүмдүк керектөөчү товарлардын баарын Россиядан сатып алабыз. Кош бол, Россия деп кол булгалап чыгып кете албайбыз” деп айткам. Россияга кирбей калган товарларды биздин өлкө аркылуу реэкспорт кылуу маселеси болсо башка тема. АКШнын Мамдепартаменти Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Араб Эмираттары аркылуу Россия товарларды мурунку көлөмдө эле алып жатат деп билдирип жатат. Буга башкача мамиле кылуу зарыл. Мен премьер-министр болуп турганда АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс келди. Ошол айым мага “Силерди Россия менен абдан жакшы мамиледе деп уктум. Эмне үчүн экенин түшүндүрүп бере аласызбы?” деп орусча кайрылды. “Урматтуу Мамлекеттик катчы. Келиңиз, саясатты таштап, экономикалык маселе боюнча гана сүйлөшөлү. Биз Россиядан керектүү болгон товарларды сатып алабыз. Мекендештерибиз ошол жакта иштеп, мамлекеттин бюджетине барабар болгон акчаны которуп жатышат. Келиңиз, сиз биздин миллиондон ашык жарандарыбызды АКШга алып кетиңиз. Биз Россия менен кош айтышалы…” десем, “Сизди түшүндүм” деп күлүп жиберген.

— Биз Россия менен чогуу ЖККУ, ЕАЭБ, ШОС сыяктуу уюмдарда мүчөбүз. Сиз экономикалык маселеге гана токтолуп жатасыз. Коопсуздук боюнча дагы келишимдерге кол койгонбуз. Бул абалда уюмдун маселеси эмне болот?

— Мени бир нече жыл мурун конфедерация түзүшүбүз керек дегеним үчүн “Кулов Россияга жатып бергиси келген” деп сынга алышкан. Европа мамлекеттери Европарламентти түзүшпөдүбү. Биз дагы Союзга кирген өлкөлөр ошондой парламент түзсөк жакшы болмок. Союздун ыдырашы боюнча бир версияны айта кетейин. Славян өлкөлөрү Россия, Белоруссия, Украинанын лидерлери жолугуп, “Эгер бир Союзду кармап калсак, парламентте ар бир өлкө бирдей депутатты сунуштаса, анда биз Славян өлкөлөрү саясий жактан утулабыз. Борбордук Азия, Кавказ жана Балтика өлкөлөрү биригип, саясий чечим кабыл ала беришет” деген бүтүмгө келишет. Эгер ошол учурда бирдиктүү парламентти түзүп калганыбызда, азыр Россия-Украина жаңжалы болбойт болчу. ЖККУ сөзсүз керек уюм. Бирок, азыркы абалы боюнча өзүмдүн сын көз карашымды айтып келатам. Тажикстандын бизге карата жасаган агрессиясында ЖККУ кийлигише алган жок. Себеби, уюмдун эки мүчөсү бири-бири менен согушуп жатканда кийлигише турган укук келишимде жок. Биз ушул нерсени киргизгенге аракет кылышыбыз керек. Ошол учурда дагы үч өлкө биргеликте абалды көзөмөлгө алалы деген сунуш айткам. Анда Кыргызстан, Тажикстанга уюмга мүчө болгон үчүнчү өлкө кошулуп, абалды көзөмөлгө алганда “Тажик тарап согушту баштады” деп айтып чыкмак.

— Өзүңүз Батыш дагы активдүү мамиле жасап жатат дедиңиз. Ушул нерсе кыргыз коомчулугун эки ажырымга бөлүп, стабилдүүлүккө доо кетирбейби?

— Батыштын өз кызыкчылыгы бар. Алар Россияга каршы чыгып жаткандыктан, бизди орустардан бөлгүсү келет. Мындай учурда өзүбүздүн кызыкчылыкты жогору коюп, чечимди өзүбүз кабыл алганыбыз туура. Биздин саясат орусчул же батышчыл эмес, чыныгы кыргыз жыттанган позиция болуш керек. Баары менен жакшы мамиледе болуп, эч ким менен душмандашпаган саясатты жүргүзсөк утабыз. Жакшы мамиледе болгонубуз менен жакын стратегиялык өнөктөш деп эсептеген өлкөлөр болот. Биз үчүн Россия, Кытай, Түркия стратегиялык өнөктөш өлкөлөр.

— Россия менен Украина ортосундагы жаңжалда Казакстандын лидери Россиянын позициясын колдобой турганын кыйытты. Ооганстан менен Тажикстандын ортосундагы мамиле, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаал Борбордук Азияда окуялардын ырбашына себепкер болуп бербейби?

— Орток пикир тапкан чекитке жакындап баратабыз. Азыр эч ким бирөө менен согушкусу келбейт. Баары пикир табышууга аргасыз. Садыр Жапаров чек ара чырынан кийин Душанбеге барганда коомчулук сынга алган. Президент “Эл, мамлекет үчүн бардым” деп айткан. Атамбаевге окшоп, жаман сөз менен сөгүп, барбай деле койсо болмок. Бирок, андай нерсе мамлекетти кандай абалга алып келерин көрбөдүкпү. Атамбаев адам катары ошондой кадам жасаса түшүнүктүү болмок, мамлекеттик ишмер катары андай кадам таштоого укуктуу эмес болчу. Ал кыжыры келип турган элге баатыр болушу мүмкүн, бирок мамлекет үчүн чоң минус алып келет. Мамлекет үчүн сүйлөшүүгө барууга аргасыз болосуң. Башка жол жок. Токаев дагы баарын түшүнүп, акыл калчап олтурат. Рахмон болсо биз менен согушуу мүмкүн эмес экенин түшүндү. Кыргыз эч качан багынып бербеген, аскер эл экенин билди. Буга биздеги революциялар эле далил боло алат.

— Азыркы президент менен сиздин бийлик олимпине келүү жолдоруңуздарда окшоштук бар экен. 2005-жылы эл сизди революциядан кийин эле бийликке алып келди. Садыр Жапаровду дагы эл өзү абактан бийликке алып келди. Мындай учурда бийликти колго алып, шыр эле башкаруу системасына аралашып кетүү кыйын болсо керек?

— Мен 5 жыл абакта саясий мотив менен олтурдум. Революциядан кийин балдар “Президенттикке талапкерлигиңизди көрсөтөсүзбү?” деп калышты. Азимбек Бекназаров чайга чакырып, экөөбүз олтуруп сүйлөштүк. Ал мага “Өлкөдө 14 жыл түндүктөн президент болуп турду. Эми түштүктөн болуш керек. Бакиевдин жардамы менен сиз абактан бошодуңуз, туурабы” деди. Мен “Туура” дедим. “Азыр сизде электорат дагы жок. Бакиев элдик кыймылдын башында турду. Тирешкендин эмне кереги бар?” деп айтты. “Мага бийликтин кереги жок” деп жооп бердим. “Келиңиз, сиз премьер-министр болосуз. Түндүк-түштүк тандем болсун” деп жигитче сөз болуп, кол алышканбыз. Чынын айтайын, абактан түз эле бийликке келип жоопкерчиликти алуу кыйын. Мен 5 жыл абакта жатып, башкаруу системасынан алыстап калгам. Маалыматты уккан менен чыныгы абалды ичинен билип, анализ кылган, эл менен болгон байланыш такыр башка. Премьер-министр болгонумда дагы айрым учурларда аябай оор болгон. Президентке кирип “Министрлерди алмаштыралы” деген сунушумду айтканымда, “Сиз келгиче булар дайындалып калган болчу. Бир жыл күтөлү, андан кийин көрөбүз” деген. Эки жыл мурун генерал Исмаил Исаковдун оозунан бир окуяны уктум. Ал мага “Феликс Шаршенбаевич, сиз премьер-министр болгонуңузда Бакиев түштүктүк балдарды чогултуп “Мен Куловду жакында кызматтан алып ыргытам” деп айткан. Курманбек Салиевич, бул туура эмес. Мен генерал катары айтайын, ал киши менен жигитче деп кол алышып, эми аны ыргытам деген эркекче болбой калат деп айткам” деген окуяны айтып берди. Мына, бул чыныгы саясат. Мен Кудайга миң жолу ыраазымын. Азыр Акаев, Бакиев кайда дагы, мен кайдамын. Садыр Жапаров дагы абакта жатып, маалымат алып жатканы менен саясий окуяларга өзү аралаша алган жок.

(Уландысы кийинки санда)

Маектешкен Наралы АСАНБАЕВ
№18 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 10-марты

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!