(Башталышы гезиттин 10.03.23-ж. №18-санында)
— Феликс Шаршенбаевич, өзүңүз кайсыл бир мөөнөттө башкаруу системасынан алыстап калган кишиге өлкө жоопкерчилигин алуу оор. Премьер-министр болгонумда мага да кыйын болгон деп айттыңыз. Президент Садыр Жапаров жоопкерчиликти өз мойнуна алган алгачкы күндөрү кандай кыйынчылыктарга туш болгонун байкадыңыз?
— Ооба, Садыр Жапаровго деле биринчи күндөрү ишти шыр алып кетүү кыйынга турду. Ачык айтыш керек, анда саясий жетекчи катары тажрыйба аз болчу. Аткаруу бийлигинде министр, премьер-министр болбой, ал жакта кайнап бышпай туруп жоопкерчиликтин баарын өз мойнуна алып, өлкө башчысы болуу аябай кыйын иш. Мен Садыр менен жолугуп сүйлөшүп да көрдүм, жасап жаткан иштерин анализдедим, ал көп өзгөртүүлөрдү жасаганга аракет кылып жатат. Анда характер бар экен. Камчыбек Ташиевде дагы ошондой сапат бар. Экөөсү тең көздөгөнүн бербеген азаматтар. Бийликтеги адамга бир эле характер таасир этпейт, айланасындагы адамдардын дагы таасири чоң болот. Жетекчи канчалык акылдуу болсо дагы, ар бир тармакты түшүнгөн тажрыйбалуу, кесипкөй адис командасында болуусу зарыл. Садыр Жапаровдо ушул жагынан маселе бар. Кыска мезгилдин ичинде эле канча деген министрлер алмашты. Бийликке жаштар келсин деген талаптар дагы айтылууда. Мен дагы премьерминистр болгонумда жаштарга жол берели деп айтып чыккам. Жаштарга кайрылып келечектүү долбоорлорду сунуштагыла, мен колдоп берем деп айткам. Өзүм 4 долбоор сунуш кылгам, жаштардан бир дагы сунуш келип түшкөн эмес. Жаштар келсе эле коммунизм болот деген, жаңылыштык. Бизнесплан жазып, саясий көз карашы калыптанган жаштар азырынча бышып жетиле элек. Айыл чарбага жаш бала министр болуп келгенде, чоң тармакты алып кетүү ага кыйын болду. Тажрыйба жетишкен жок. Бүгүн кадр маселеси чоң көйгөй жаратып жатат.
— Мындай учурду баштан өткөргөн адам катары өз сунушуңуз менен кайрылган жоксузбу?
— Садыр Жапаров милдетин аткаруучу болуп жумушка киришкенде “Реформаны ишке ашыра турган комитет түзөбүз” деп айткан. Анын ушундай сөзүнө чындап кубангам. Бизге ушундай комитет керек деп дагы жазгам. Каха Бендукидзе дал ушундай комитет түзүп, өзү жалгыз реформа кылган. Бизге да ошондой реформатор керек эле. Тилекке каршы комитет түзүлбөй калды. Менимче реформаны ишке ашырчу адамды таба албай калышты окшойт.
— 2005-жылы Бакиев экөөңүздөр тандем түзүп, чогуу болдуңар. Бүгүн Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди тандем деп атоого болобу?
— Так эле айтайын, азыр эч кандай тандем жок. Президент менен Аткаруу бийлигинин башчысы чогуу болобуз десе тандем болмок. Камчыбек Ташиев Министрлер Кабинетинин орун басары. Эгер тандем боло турган болсо, анда Акылбек Жапаров болушу керек. Камчыбек Ташиев президентке чыныгы дос катары колунан келген жардамын берип, моралдык колдоо көрсөтүп жатат. Бул саясий тандемден жогору турган адамдык сапат.
— Сиздин саясий жолуңузга дагы бир окуя дал келүүдө. Президент Садыр Жапаров мурунку президенттердин баарын бир үстөлгө чогултуп, кечиримдүү болууга үндөп, элдин кызыкчылыгы үчүн ынтымакка чакырды. Сиз алгач Акаев менен, кийин Бакиев менен тирештиңиз. 2 жыл мурун эле экөөсүн тең кечирдим деп айттыңыз эле. Президенттин мурунку президенттерди ынтымакка чакырган саясий жүрүшү туура болдубу?
— Бул маселе тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер жаралды. Каршы болгондор чыкты. Алар Бакиевдин өлкөгө келишине каршы болушууда. Жакындарынан ажырагандарды туура түшүнүү керек. Бакиевге каршы соттун күчүнө кирген чечими бар. Бул такыр башка маселе. Мурунку президенттердин жолугушуусуна келе турган болсок, мен уккан маалымат боюнча ал жакта такыр башка маселе көтөрүлгөн. Дароо эле айтып коёюн, бул маалымат туура эмес болуп калышы да мүмкүн. Садыр Жапаров чогулгандарга өлкөдө дагы бир жолу төңкөрүш жасайм деген ой бирөөңөрдө дагы болбошу керек деген сөздү айтып эскерткен. Мына ушул башкы маселе. Себеби, аларда акча каражаты, саясий тарапташтары болгондуктан, саясий абалга таасир этиши мүмкүн. Бири-бирине каршы чыгып, андан кийин бийликке каршы барышы да ыктымал. Ынтымакка чакыргандын өзөгү ушунда. Бул туура кадам. Саясатта жөн эле чай ичкени чогулуу деген болбойт. Эми мындан кийин президент Атамбаевди бошоткондон кийин Кемпир-Абад боюнча камалгандарды дагы бошотуш керек деген талап жаралат. Атамбаевди сот дарылануу үчүн бошотту. Президент Кемпир-Абад менен камалгандарды чыгарууга негиз болушу керек. “Бошот!” деп айткан күндө дагы сот ал сөздү аткарганга укуктуу эмес. “Кандай негиз менен бошотом?” деп айтат. Иш туура эмес козголгон же ооруп жатат деген негиз келтирилиши зарыл. Жыйырмадан ашык адамдын кармалып жатканына 5 айдан ашып баратат. Алар бошотулса, тергөөчү жооп бериши керек. Президенттин “Бошоткула” деп айтканга укугу жок. Буйрук дагы бере албайт. КемпирАбад маселеси боюнча каршы пикир айтып чыккандарды урматтайм, бирок алар үчүн азыр эч ким күйбөйт. Бүгүн бийликке каршы элди көтөрө турган лидер жок. Нааразычылыкты революцияга айландырчу шылтоо дагы жок. 2005-жылы эл тынчтык митингине чыгышкан. Ак үйдүн жанына келгенде ак кепкачандар таш менен тосуп алышкан. Эмне үчүн ак кепкачандар? Аксы окуясында 6 адам окко учкандан кийин милициянын кереги жок деп элди бири-бирине каршы коюуну пландашкан. Бийлик кыргыздын мүнөзүн такыр эске албай койду. Биз айкөл эл болгонубуз менен акыйкатсыздык болуп жатса чыдап тура албайбыз. Таш ыргыткан ак кепкачандарды кууп чыгып, Ак үйдү алып коюшкан. 2010-жылы куралсыз элге ок атылды. Мен ар дайым эки мисалды айтып келем. Отставкадагы полковник баласы менен аянтка келди. Көзүнчө баласына ок тийип өлдү. Атасы кайда барат? Баласын көмгөнү кетеби? Төрт дос келди, бирөөсүн атып өлтүрүштү, калганы анын сөөгүн үйүнө алып жөнөшөбү? Жок, эч качан андай болбойт. Бир гана алдыга умтулуп, ок атканды алып түшкөнгө аракет кылат. Мына ушул бийликтин алмашуусуна шылтоо болуп берет. Ар дайым бийлик өзү себепчи болот.
— Саясатта кечиримдүү болуш керекпи?
— Сөзсүз. Саясий өч алуу эч качан жакшылык менен бүтпөйт. Ошондуктан, биринчи кезекте кечиримдүүлүк саясатта болушу керек.
— Акаевди кечирдим деп айтып жүрөсүз. Бийликте турганда же акыркы жылдары Акаев менен жолугуп сүйлөшкөн учуруңуз болдубу?
— Ооба, сүйлөштүм. Алгач телефон аркылуу сүйлөшүү болгон. 2005-жылы 26-март мен абактан чыккан учур эле. Мен эл менен тургам. Жардамчым “Аскар Акаев” деп телефонду берди. “Феликс Шаршенбаевич, сизге ырайым кылган Жарлык чыгарайын” деп айтты. Аскар Акаевич, сизден мага эч нерсенин кереги жок деп жооп бергем. Аскар Акаев акыркы жолу Кыргызстанга өткөн жылы келбедиби. Ошондо мага Кубанычбек Жумалиев телефон чалып “Аскар Акаев сизди, башка деп калды. Сөзсүз барам дедим. Айткан дарекке бардык. Короодо Аскар Акаевди күтүп турабыз. Ал киши келгенде баарыбыз менен учурашып, даярдалган дасторконго өттүк. Ошол жерде Аскар Акаев сүйлөгөндө аябай таң калдым. Ал “Билесиңерби, мен бул жерге кимдер келе турганын да билген эмесмин” деп айтты. Мага «Акаев чакырып жатат» деп айтышкан болчу да. Эмне деп айтаарымды билбей олтуруп калдым. Сөз кезеги келгенде “Аскар Акаевич, сиздин экономика боюнча эмгегиңизди окудум. Экономика багыты үчүн чоң эмгек жасап жатасыз. Кыргызстанда илимий институт же лаборатория ачып, өзүңүз тааныган адамдарды чакырып, өлкө экономикасын көтөрүүгө жардам бербейсизби” деп кайрылгам. Ага чейин да баласына бул жерде куран окутканда баргам. Анда кызы Бермет чакырган эле.
— Бакиев менен жок дегенде телефон аркылуу байланышкан жоксузбу?
— Ал киши менен такыр сүйлөшкөн жокмун.
— Бүгүн чечилбей жаткан жер маселеси силер бийликке келген 2005-жылы башталган болчу. Жер басып алууну эмне себептен токтото алган эмессиңер?
— Премьер-министр болгонумдан кийин мага жер басып алуулар боюнча маалымат келип түштү. Түштүктөн Бакиевди колдоп келгендер жер басып алып жатышат дешти. Бакиевге кирип “Тарапташтарды токтотпойлубу. Түштүктөн келгендерди кайра үйлөрүнө жөнөтөлү. Алар да «биз бир нерсе алышыбыз керек» деп жүрүшүптүр. Сен аларга жер таратканга милдеттүү эмессиң да” деп айттым. Аларды тынч эле жөнөткөнбүз. Жерди басып алуу башталганда бийлик алсыз экенин көрсөтүп койгон. Муну мойнубузга алышыбыз керек. Бул тема саясий өңүткө айланып кеткен учур да болгон. Бир саясатчы “Түштүктүктөр биздин жерди басып алып жатат, биз чүйлүктөр бербейбиз, кууп чыгабыз” деп айтып чыккан. Ошентип түштүктүндүк маселеси да көтөрүлгөн. Бул туура эмес болгон. Негизги күнөө бийликте. Мыйзамсыз ишке жол бербеши керек эле.
— Атайын кызматты башкарган адам катары Камчыбек Ташиевдин аткарып жаткан иштерине кандай баа бересиз?
— Ачык пикиримди сурап жатасыз да. Мен дагы эч кандай мактоосу жок ачык жооп берейин. Атайын кызматты материалдыктехникалык жактан бекемдөө үчүн аябай көп иш жасады. Эмне жумуш жасаганына кызматтык сыр катары токтолбой эле коёюн. Анын аткарып жаткан иштери боюнча бир дагы сын айта албайбыз. Бир гана сын айтчу жагы, Камчыбек Ташиев айрым учурларда саясатчы катары күтүлбөгөн сөздөрдү айтып салганы бар. Ал ачык адам экен да. Дароо реакция кылып жиберет. Ушул жагынан айтылган сын туура эле. Система үчүн жасаган ишин эч ким сындай албайт.
(Уландысы кийинки санда)
Маектешкен Наралы АСАНБАЕВ
№19″Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 14-марты